Фонддун эксперти “Ынтымактуу коом ынтымактуу үй-бүлөдөн башталат” темасында лекция окуду

September 16, 2024, 21:51
“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун кенже курактан өнүктүрүү боюнча программасынын координатору Асель Жакыпбекова Ынтымак Жумалыгынын алкагында тарбиялоодо биримдиктин жана достуктун маанилүүлүгү тууралуу лекция окуду.

Ага Хан Фондунун балдарды кенже курактан өнүктүрүү боюнча аймактык кеңешчиси Беверли Бикалдо баланын жана бүтүндөй коомдун гармониялуу өнүгүүсү үчүн эрте курактан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн ачкан темада “Балдарды эрте өнүктүрүүгө инвестиция салуу эмне үчүн маанилүү?” лекция окуду.

Лекциядан кийин угуучуларга квиз-викторина өткөрүлүп, алар алган билимдерин текшере алышты. Викторинанын жеңүүчүлөрү Фоддон эстелик белектерди алышты.