"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду Дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган акцияга катышты

September 14, 2024, 08:23

14-сентябрь 2024-жыл-бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн белгилөөнүн алкагында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун кызматкерлери жана ыктыярчылар экологиялык акцияга катышышты. Иш-чара Экодеми коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.


Акция аймакты тазалап гана тим болбостон, жарандарды таштанды таштабоого жана аларды туура сортоого чакырат.


"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду келечек муундар үчүн таза жана дени сак планетаны түзүүгө көмөктөшкөн, айлана-чөйрөнү коргоого арналган демилгелерди колдоону уланта берет.