«Татыктуу Жашоо - Жизнь в Достоинстве» долбоорунун 2024-2025-жылдарга карата экинчи фазасы башталды

September 6, 2024, 07:11

Кыргызстандын Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүндө «Татыктуу жашоо» долбоорунун экинчи фазасы старт алды: долбоор боюнча профилдик семинар-тренингдер башталды. Долбоордун алкагында Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүнүн көмөктөшүүсү менен 10 аярлуу үй-бүлө тандалып алынды. Долбоор максаттуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган жана аялдар менен кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулук окуялары менен күрөшөт, бул алардын социалдык-экономикалык жактан деӊгэээлдерин жогорулатуу аркылуу ишке ашырылат. 

 

Тренингдер үй-бүлөлөрдө гармониялуу мамилелерди калыптандырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деӊгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшүү үчүн иштелип чыккан “Татыктуу Жашоо” усулдамасы боюнча өткөрүлөт. Татыктуу жашоо тренингдери катышуучуларга жашоодогу өз баалуулуктарын түшүнүүгө, эмне үчүн аялдар жана эркектер бирдей мүмкүнчүлүктөргө, укуктарга жана милдеттерге ээ болушу керектигин, гендердик теӊ укуктуулук деген эмне экенин түшүнүүгө жана үй-бүлөдөгү түзүлгөн абалга баа берүүгө, аялдардын жана эркектердин ден соолуктары жөнүндө өз билимдерин кеӊейтүүгө жана  аларда натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү көбүрөөк жүргүзүүгө жардам бере турган көндүмдөрүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тренингдер коллегиялык окутуу ыкмаларына негизделген.    

 

Мындан сырткары, гуманитардык жардам катары тренингдин катышуучуларына тамак-аш азыктары берилет.

 

«Татыктуу Жашоо» усулу кийинкилер менен уникалдуу болуп саналат:

• сынчыл ой-жүгүртүү, талдоо жүргүзүү, сүйлөшүү, өз ара мамилелерди түзө билүү жана маектешүү көндүмдөрүн өстүрүүгө багытталган;

• коллегиялык окутуу ыкмаларын колдонот: дидактикалык окутуу жок;

• Гендерге багытталуучулук: семинарлар катышуучуларга алар өздөрү кандай эркек жана кандай аял экендиги жөнүндө, эркектер жана аялдар өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керектиги жөнүндө алар өздөрү кандай ойлошот, элестетишет, алар башка жыныстын өкүлүнө кандай мамиле жасашат жана бул канчалык деӊгээлде адилеттүү – мына ушулардын үстүнөн ойлонуусуна түрткү берүүчү гендердик жактан таптакыр кайра өзгөртүүчү иш-чара катары иштелип чыккан; 

• Укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүүгө басым жасайт: семинар катышуучуларга өздөрүнүн жашоосун жана өздөрүнүн мамилелерин жакшыртуу үчүн алар эмнелерди жасай алышарын, өздөрү муну кантип чече алышарын көрсөтүп берет.


Долбоор жөнүндө кыскача маалымат.

«Роза Отунбаеванын Демилгеси» Эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) "International Alert" өнөктөштүк уюму менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кеӊ-Булуӊ айылдык округунда «Татыктуу жашоо» долбоорун ишке ашырып жатат, долбоор Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланууда. Долбоор үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүнүн жана жүрүм-турумдарды өзгөртүүнүн эсебинен гендердик зомбулукту үй-бүлөлөрдүн деӊгээлинде төмөндөтүүгө жана гендердик стереотиптер менен басмырлоону жеӊүүгө арналган.