Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо комитеттери үчүн КЫСКАЧА КОЛДОНМО жарык көрдү

September 3, 2024, 14:10
Колдонмо үй-бүлө жана гендердик зомбулук жөнүндө жалпы маалыматтарды, ошондой эле анын ар кандай түрлөрүн кеңири сүрөттөп берет. Анда Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун учурдагы статистикасы берилген, бул өлкөдөгү көйгөйдүн масштабын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонмо зомбулуктан коргоону жөнгө салуучу мыйзамдарды жана эрежелерди камтыйт. Маанилүү бөлүмдөрүнүн бири үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комитеттердин милдеттерин жана функцияларын аныктоо болуп саналат, бул алардын ишин түзүүгө жана сактоо жана коргоо субъекттеринин ыйгарым укуктарын так аныктоого жардам берет.

Өзгөчө көңүл жабырлануучуларга жардам көрсөтүү принциптерине, анын ичинде аракеттердин алгоритмине, зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарына, убактылуу коргоо ордерин берүү шарттарына бурулат. Колдонмодо зомбулуктун психологиялык кесепеттери деталдуу каралып, алардын таасирин азайтууга каршы чаралар сунушталат.

Мындан тышкары, колдонмо кризистик борборлордун жана жардам кызматтарынын байланыш маалыматтарын камтыйт, бул жардамга муктаж же зордук-зомбулуктан коргоо маселелери менен алектенген ар бир адам үчүн практикалык курал.

Бул маалымат “Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту азайтуу жана алдын алуу үчүн Чүй облусунун үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталын жогорулатуу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалды.

«Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн”