"Аялдар-тынчтык тиреги" долбоорунун алкагында пилоттук айыл аймактарындагы демилгелердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлдү

September 4, 2024, 05:46
Долбоордун алкагында фонд “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан 31 демилгеге мини-гранттар бөлүнүп, бул демилгелер конкурстук негизде тандалып алынган. Демилгелер климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди көрүүгө, социалдык биримдикти чыңдоого жана аялдардын активдүүлүгүн колдоого, экономикалык мумкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоору "БУУ-Аялдар" түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Тынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бул долбоор жергиликтүү демилгелердин маанилүүлүгүн жана аялдардын өз коомдорунун өнүгүүсүнө кошкон салымын баса белгилейт.