БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму менен келечектеги кызматташтык талкууланды

August 27, 2024, 09:20

2024-жылдын 26-августунда   "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун (FAO) жаңы дайындалган жетекчиси Олег Гучгельдиев мырза менен жолукту. Бул жолугушууда тараптар буга чейин биргелешип ишке ашырган долбоорлорду жана келечектеги кызматташтыкты талкуулашты. 


Роза Кайыкова Олег Гучгельдиевди жаңы кызматы менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Ошондой эле айыл жергесиндеги жаштар,мектеп окуучулары үчүн экология жана климаттын өзгөрүүсүн эске алган айыл чарба, түшүмдүүлүктү жогорулатуу, продукциялардын сапатын арттыруу, тургундардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.    


Өз кезегинде Олег Гучгельдиев "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлор менен таанышып, алардын коомго пайдалуулугун белгиледи.Андар сырткары айыл чарба, азык түлүк өндүрүү тармагына  инновацияларды колдонуу жана жаштарды тартуу алдыда турган маанилүү аткарылуучу иш экенин кошумчалады. 


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар буга чейин ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор тууралуу пикир алышып, келечекте бул кызматташтыкты улантуу жана кеңейтүү боюнча пландарды талкуулашты. Эки тарап тең азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо,билим берүү жана айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгилешти. 


Бул жолугушуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.