“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду эл аралык жарманкеге катышты

August 19, 2024, 08:49

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, РФнын Жогорку билим берүү жана Илим, РФнын агартуу министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында уюштурулган “Билим берүүдөгү инновациялык чечимдер” аталышындагы ярмаркага катышты. Ярмаркага КРнын билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева, РФнын Президентинин чет мамлекеттер менен регион аралык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын орун басары Рыбаков А.Л., Кыргызстандын жана Россиянын алдыңкы билим берүү институттары,мекемелери жана эл аралык уюмдар катышышты. Фонд акыркы жылдары билим берүү тармагындагы ишке ашырган ”Жайлоо өнүгүү борборлору”, “Бешке чейин үлгүр”, “Үч жаштан кийин кеч”, “Илимдеги кыздар” инновациялык долбоорлорун жана басылып чыккан китептерин көргөзмөгө койду.  Долбоорлор жана билим берүү тармагындагы китептер катышуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.