2024-жылдын 15-августунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында Диалог-форум болуп өттү
August 15, 2024, 09:19Иш-чарага долбоордун Кызыл-кыя шаарындагы, Ноокат, Сузак райондорундагы пилоттук мектептердин жетекчилери, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жооптуу кызматкерлери жана долбоордун командасы катышты.
Иш-чаранын башталышында "Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭК Фондунун директору Роза Кайыкова катышуучуларга “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымдап, стратегиялык өнүгүү пландарына STEM жана гендердик-сезимтал аспектилерин камтуу менен түзүү, мектептердеги иштерди жакшыртууда жана билим сапатына таасир этүү менен жакшы натыйжаларга алып келээрин белгиледи.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев билим берүү жаатындагы олуттуу аракеттери үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна ыраазычылыгын билдирип, билим тармагын өнүктүрүү үчн Фонд туруктуу иш алып барып жатканын белгиледи.
Диалог-форумда пилоттук мектептерде атайын жумушчу топтор тарабынан иштелип чыгып, бекитилүүгө даярдалган мектептин стратегиялык өнүгүү пландары тууралуу маалымат берилди жана аларды келечекте турмушка ашыруу боюнча иш чаралар жана мындан аркы кадамдар талкууланды. Диалог форумдун катышуучулары жалпы максаттарга жетүү үчүн билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Ноокат районунун Б.Ходжаев атындагы мектептин директору Мухаммадазиз Мамитов окутуулар пайдалуу болгонун белгилеп долбоордун аткаруучуларына ыраазычылыгын билдирди: “Жакшыртылган стратегиялык пландар республика боюнча жайылса билим берүү тармагындагылар баарыбыз бир багытта өнүгүүгө карай багыт алабыз.”
Сузак районуна караштуу №65 А.Юнусов атындагы мектептин директору Гүлнара Юлдашева стратегиялык пландарды натыйжага багыттап түзүү менен, билим берүү уюмунун ишин эле эмес, жалпы абалды, билим сапатын жакшыртууга жетишүүгө алып келээрин айтты. “Мурда стратегиялык өнүгүү пландарын биз жалпылап жазчу элек, бул жолу артыкчылыктуу жана алсыз жактарыбызды анализдөө менен ар бир максат боюнча жасала турган кадамдарды пландоону, индикаторлорду так коюп, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү үйрөндүк”-деди Гүлнара Юлдашева.
«Илимдеги кыздар» долбоорунун II фазасы 2023-жылдын апрелинен тарта 50 пилоттук мектепте ишке ашырылууда. Тандалып алынган мектептер өлкөнүн 6 району жана 1 шаарында жайгашкан
(1) Кызыл – Кыя шаары, Баткен
(2) Ноокат району, Ош
(3) Сузак району, Жалал-Абад,
(4) Аламүдүн району, Чүй
(5) Ысык-Ата району, Чүй
(6) Кочкор району, Нарын
(7) Ат-Башы району, Нарын
ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи этабын "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан уюмдары менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.