Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун күндөлүгүнөн: Кадамжайда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүлдү
July 29, 2024, 14:102024-жылы Кадамжай районунда 4 Жайлоо өнүктүрүү борбору ийгиликтүү иштеп, аларга 100гө жакын бала келүүдө. Бул борборлордо балдар окууга жана жазууга гана эмес, ар тараптуу өнүгүүгө багытталган ар кандай мастер-класстарга жана иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Балдарга сабаттуулукту жана тил көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган окуу жана жазууну камтыган ар кандай билим берүү программалары сунушталууда. Алар ошондой эле физикалык активдүүлүктү жана маданий мурастарды жайылтуучу салттуу оюндар менен таанышышууда. “Алтын өрөөн” Жайлоо өнүктүрүү борборлорунда таар согуу, ийик ийрүү, тогуз коргоол боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. “Кайнар-Булак”, “Оомат” борборлорунда менталдык арифметика, шахмат боюнча атайын сабактар өтүлүүдө. Буга кошумча балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында сүрөт тартуу, бийлөө, ырдоо боюнча мастер-класстар уюштурулууда. Кадамжай районундагы Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору балдардын билим берүү жана маданий программаларга активдүү катышуусун камсыз кылуу менен алардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.