Die Zeit гезитинин журналисттери менен жолугушуу

July 2, 2024, 09:12

28-июнда Фонддун кеӊсесинде, Кыргызстанга жайлоолордогу Өнүктүрүү борборлорунун иштерин көрүү үчүн келишкен Die Zeit немис гезитинин журналисттери менен жолугушуу болуп өттү.


Журналисттер жайлоолордогу Өнүктүрүү борборлорунун түзүлүү тарыхына,  максаттарына жана милдеттерине, бала-бакчалардын  бул жайкы аналогуна келген балдардын санына кызыгышты.  


Алар былтыркы жылы Германиядан алыскы Кыргызстандын жайлоолорунда Өнүктүрүү борборлору иштеп жаткандыгы тууралуу даректүү тасма көрүшкөндүгүн, ушундан улам ири жана узун нускалуу тарыхы бар немис гезиттеринин биринин окурмандарына «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондунун аткарып жаткан иштери, ошондой эле өлкөнүн эӊ бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган балдар тууралуу айтып берүүнү чечишкенин билдиришти.  


Журналисттер менен жолугушууда Фонддун аткаруучу директору  Роза Кайыкова  Фонддун балдардын эрте курактагы өнүгүүсү чөйрөсүндөгү аткарып жаткан иштери, ошондой эле фонддун жайлоолордо Жайкы өнүктүрүү борборлорун түзүү жана аларга колдоо көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу, мунун алкагында  жайкы убакта бийик тоолуу жайлоолордо мал чарбачылыгы менен алектенген чабандардын үй-бүлөлөрүндө тарбияланып жатышкан 2500-3000 ашык балдар жазуу, окуу, музыка, ырдоо, кыймылдуу жана үстөл оюндары көндүмдөрүнө окуп үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп жатышкандыктары тууралуу айтып берди. Бул Өнүктүрүү борборлоруна дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн ыктыярчылар тез-тезден келип турушат, алар балдарга англис тилин же башка тилдерди гана үйрөтүшпөстөн, ошондой эле ырдоого, башка ар түрдүү көндүмдөргө дагы үйрөтүшөт. Фонд жайлоодо жашаган балдар үчүн жай мезгилин  максималдуу түрдө пайдалуу кылганга аракет кылууда: шахмат боюнча сабактар, куурчак театры жана ал тургай асман телолорун окуп үйрөнүү үчүн телоскоптор – мунун бардыгы билимдерди, көндүмдөрдү, ынтызарлыкты өстүрүүгө жана окууга болгон шыктанууну арттырууга багытталган. 


Die Zeit  гезити (убакыт) 1946-жылдан баштап жарыкка чыгып келе жатат. Гезиттин тиражы  504.080 даана нускада басылып чыгат.  Die Zeit  бир гана Германияда жарыкка чыкпастан, ошондой эле Швейцарияда жана Австрияда дагы жарык көрүп келет.  


Фонд Die Zeit гезитинин журналисттерине, алардын Фонддун ишмердүүлүгүнө көӊүл бургандыгы жана кызыгуусун жараткандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.