«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун жамааты кытайлык ири уюмдар менен өнөктөштүктү талкуулашты

June 23, 2024, 18:35
2024-жылдын 22-июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси»  фондунун өкүлдөрү кытайлык эки таасирдүү уюмдун негизги өкүлдөрү менен жолугушту: «Сиан Аял-ишкерлер ассоциациясы» жана «Шэньси провинциясынын Ишкер аялдар ассоциациясы». Жолугушуунун жүрүшүндө Фонддун активдүү ишмердүүлүгү жана маанилүү демилгелери чагылдырылды.   

Кытай Эл Республикасынын делегациясы Фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышышты, алардын ичинен өзгөчө көӊүл аял ишкерлерди өнүктүрүүгө жана экологиялык демилгелерге бурулду. Кытайлык уюмдардын өкүлдөрү бул эки негизги багытта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө тереӊ кызыгууларын билдиришти.  


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ аткаруучу директору Роза Кайыкова аялдардын туруктуу өнүгүүгө жана жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерине колдоо көрсөтүү, бекемдөө жаатындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Бул жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду менен кытайлык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенишүү үчүн негиз боло алды жана коомдун бакубаттыгынын кызыкчылыгында достук жана ишкердик байланыштарды тереӊдетүүгө өбөлгө түздү.