“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду “ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизацияларынын диалогу – 2024” программасына катышты

June 22, 2024, 09:29

20-июнда Казакстандын борбору Астанада ШКУга мүчө болгон 8 мамлекеттен 130дан ашык өкүл катышкан “ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизацияларынын диалогу – 2024” программасы болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары «ШКУ өлкөлөрүнүн цивилизацияларынын ортосундагы диалогдун жана кызматташтыктын көпүрөсүн куруу, адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө жана прогрессине көмөк көрсөтүү» деген темада пикир алмашышты.


Иш-чаранын ачылышында Кытай Эл Республикасынын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары (China International Communications Group, CICG) Юй Юньцюань, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Маданият комитетинин төрагасы Айдын Капашев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Фондунун аткаруучу директору Кайыкова Роза тарабынан саламдашуу сөздөрү айтылды.


Ошондой эле иш-чаранын алкагында үч субфорум уюштурулду: 1) “Замандын доорундагы суроолорго жооп издөө жана ШКУнун тажрыйбасын консолидациялоо” темасындагы аналитикалык борборлор; 2) “Цивилизациялардын тамырын сактоо жана тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү” темасындагы маданий мурас; жана “ШКУнун келечегин түзүү үчүн жаштардын ролун активдештирүүгө” багытталган жаштар сектору.


Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Басма сөз башкармалыгы, Шанхай кызматташтык уюмунун секретариатынын колдоосу менен Кытай Эл Республикасынын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгы (CICG) жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын  аткаруучулары: CICG алдындагы Европа жана Азияга уктуруу борбору, Заманбап Кытайды жана дүйнөнү изилдөө институту, Казакстандагы Кытайды изилдөө борбору, Кытайдын модернизациясын изилдөө боюнча чет элдик борбор (Казакстан), Кытай-ШКУнун Регионалдык соода-экономикалык кызматташтыгынын демонстрациялык зонасынын комитети.