“Аялдар-тынчтык тиреги” долбоорунун орто мөөнөттүү жыйынтыктары биргелешип кароо, талкууланды

June 14, 2024, 08:28


2024-жылдын 8-июнунда Лейлек айыл өкмөтүндө “Аялдар-тынчтык тиреги” долбоорунун орто мөөнөттүү жыйынтыктарын биргелешип кароо, талкуулоо боюнча семинар өттү.


Иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өкүлдөрү, Баткен, Лейлек  райондук мамлекеттик администрациялардын жана 9 пилоттук айыл аймактын өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, аялдардын жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ошондой эле БУУ Тынчтыкты куруу Фондунун өкүлү Брайан Уильямс, Кыргызстандагы офисинин өкүлдөрү катышышты.


Семинарда долбоордун жүрүшүндөгү  ийгиликтер, жакшы натыйжалар, тоскоолдуктар жана жакынкы аралыктагы пландар талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары долбоордун негизги жыйынтыктарын жана сабактарын биргелешип талдоо аркылуу 3 багыт боюнча иш-аракеттердин туруктуулугун жана уланышын камсыз кылуучу чаралар аныкталды.


Айыл аймактагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жана анын кесепеттерин алдын-алуу боюнча конкреттүү кадамдар жазалып, айыл өкмөттөрдүн СЭӨПна климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын алдыңкы ролун белгилеп, гендердик өнүгүүгө багытталган жана аял лидерлигин өнүктүрүу боюнча бир катар сунуштар киргизилгендигин катышуучулар белгилешти.


Анын ичинде адамдык баалуулуктарды (сабырдуулук, зордук-зомбулуксуздук, ар түрдүү улуттардын ынтымакты, достукту сактоо менен жаш муундарга калыптандыруу (конкурстар, тематикалык сабактар, жолугушуулар, каада-салттарды сактоо, бирин-бири сыйлоого жетишүү),  жаш кыз-келиндердин  лидерлигин өстүрүү, насаатчылык кылуу да бар. Климаттык коопсуздукту кантип сактайбыз?- деген суроого төмөндөгүдөй чечимдер камтылган: сууну үнөмдүү пайдаланып-тамчылатып сугарууга өтүү, климатка жараша ыңгайлаштыруу менен өсүмдүктөрдү өстүрүү, жергиликтүү кеңештердин токтомдорун ишке ашыруу-жайлоого чыгуунун мөөнөтүн белгилөө, жасалма мөңгүлөрдүн санын көбөйтүү, регулярдуу түрдө ишембиликтерди өткөрүү, таштанды таштоочу урналарды, таштанды полигонду жолго коюу, ар бир үй бүлөдө биогумусту пайдаланууну жайылтуу, сел тосмолорун куруу, бак-дарактардын санын көбөйтүү.


Катышуучулар климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыгуучу кырсыктардын алдын-алуу  жана кесепеттерин жоюу боюнча айыл өкмөтү менен айыл тургундарынын, аялдар кеңеши, АДК, жаштар, аксакалдар, эл өкүдөрүнүн ж.б. элдин ортосундагы биргелешкен иш-аракеттери ар түрдүү диалогдор аркылуу натыйжалуу болуп жаткандыгын  белгилешти. Демек, жамааттардагы тынчтыкты жана социалдык биримдикти камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттардын түрдүү топторунун ортосунда диалог маданиятын түзүү аркылуу, ачык жана достук өз ара аракеттенүүнү калыптандыруу ар түрдүү этностор арасында тынчтыкты жана достукту бекемдөөдө негиз катары кабыл алынгандыгын айгинелешти.


Негизинен жергиликтүү өнөктөштөр, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аялдардын жарандык коомдук уюмдары менен чогуу ачык-айкын талкуулоо, өз ара  бирдиктүү аракеттенүү,  биргелешип талдоо, аныктоо ишке ашты.


9-июнда Суу-Башы айыл аймагында долбоордун аткаруучу командасы жана БУУнун Тынчтыкты куруу Фондунун өкүлдөрү, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жоробаев Учкунбек Суу-Башы ААнын активист аялдар менен жолугушууга катышышты.  Жолугушууда активист аялдар “Климаттык фреска” пазл-оюну аркылуу климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыгуучу кырсыктарды алдын-алуу  жана кесепеттерин жоюу боюнча кадамдарды аныкташып, бул кадамдардын  эң маанилүү экендигин далилдешти.


2023-2024-жылдары БУУнун Аялдар уюму, БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк Программасы, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюуму жана Жарандык платформа уюуму, Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду тарабынан каржыланган "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн – Аялдар тынчтык тиреги" долбоорун ишке ашырып келет.


Долбоордун алкагында төмөнкүлөргө багытталган жана өз ара байланышкан иш-чаралардын комплекси ишке ашырылууда: 

    1. Өлкөнүн түштүк региондорунда (басымдуу көпчүлүгү) жайгашкан жана тынчтыкты куруу багытында иш алып барган, аялдардын жарандык коомдук уюмдарынын институционалдык потенциалын чыңдоо.

    2. Өнөктөштүктүн туруктуу жана инклюзивдик механизмдерин жана тажрыйбаларын аялдардын жарандык коомдук уюмдары менен биргеликте түзүүдө, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарына колдоо көрсөтүү.

    3. Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу  келип чыгуучу кесепеттерди, коопсуздук тобокелдиктерин азайтуу жана тынчтыкты бекемдөөдө  жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргнадары, мамлекеттик башкаруу органдары менен аялдардын жарандык коомдук уюмдары, активисттер менен  биргеликте  кызматташуусунун жаңы жолдорун сыноо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.


Бул долбоор Баткен облусунун 9 айыл аймагында ишке ашырылууда жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын алдыңкы ролу белгиленип, гендердик өнүгүүгө багытталган мамлекетибиздин улуттук артыкчылыктуу багыттарына ылайык келет. Аялдардын жарандык коомдук уюмдары жана долбоордун өнөктөштөрү менен биргеликте облустагы пилоттук жамааттарда климаттык коопсуздукту жана социалдык биримдикти камсыз кылуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө жардам берген бир катар социалдык инновациялык технологияларды сынап көрүштү.


Долбоор жергиликтүү өнөктөштөр, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аялдардын жарандык коомдук уюмдары менен чогуу ачык-айкын талкуулоо, өз ара  бирдиктүү аракеттенүү,  биргелешип талдоо, аныктоо жана жергиликтүү чечимдерди ишке ашыруу үчүн жагымдуу чөйрөнү  (шартты) биргелешип түзүү боюнча ар түрдүү ыкмаларды (инструменттерди)  тестирлөө процесстерин колдоого алды. Бул иш аракеттер эң башкы максат болгон-климаттык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын  өзгөрүшүнүн кесепетттеринен келип чыгуучу чыр-чатактардын алдын-алуу,  алардын аярлуу топторго тийгизген таасирин азайтуу/алдын-алуу, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөө жана коомдук биримдикти сактоого багытталган.