«Жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары Кыргызстандагы тынчтык үчүн» долбоорундагы прогресске талдоо жүргүзүү боюнча семинар

May 29, 2024, 09:13

БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун колдоо көрсөтүүсү астында жана гендердик теӊ укуктуулукту, климатты, тынчтыкты жана коопсуздукту илгерилетүү боюнча демилгелер контекстинде ишке ашырылып жаткан «Жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары Кыргызстандагы тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында 2024-жылдын 27-28-майында өнөктөш уюмдар үчүн семинар болуп өттү.   

БУУнун Аялдар түзүмүнүн, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарбачылыгы уюмунун (ФАО) өкүлдөрүнөн турган PBF GPI программасынын командасы Жалпы Кызыкчылыктарды Издөө, Кемп Ала-Тоо, Жарандык Платформа сыяктуу өнөктөштөр менен кызматташтыкта  жана өзүнчө консультанттар менен орто мөөнөттүү обзордук семинарды өткөрүү үчүн чогулушту. Семинардын максаты – долбордогу прогресске талдоо жүргүзүү жана программа аяктоочу 2024-жылдын декабрына чейинки мөөнөт үчүн артыкчылыктарды аныктоо.    


Кыргызстандагы БУУнун түзүмүнүн туруктуу координатору Антье Граве бул долбоордун өзүнүн уникалдуу миссиясы бар экендигин белгиледи: 

«PBF Кыргызстанда тогуз ири долбоорлорду ишке ашырып жатат жана бул долбоор өзүнүн максаты менен уникалдуу болуп эсептелет, анда үч негизги фокустук багыттар бар: климат, гендер, тынчтык жана коопсуздук маселелери бири-бири менен байланышта каралууда. Ал тургай глобалдык масштабда дагы болгону бир нече гана мындай долбоорлор бар. КРда климаттын өзгөрүүсүнө карата гендердик өнүгүү жана коопсуздук чаралары менен байланышкан алдын алуу чараларын иштеп чыгуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан долбоордун натыйжалары абдан маанилүү, бул жерде өзгөчө, карама-каршылыктарга алып келе турган факторлорго талдоо жүргүзүү жана алдын алуу пландарын иштеп чыгуу зарыл».  Ошондой эле, ал климаттын өзгөрүүсү көйгөйү өзүн көрсөтүп жаткандыгын жана ал үй-бүлөлөрдүн жашоо-тиричилик ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизип баштагандыгын баса белгиледи.


Семинарда бүгүнкү күнгө карата жетишилген прогресске, көйгөйлөргө жана ийгиликтерге карата ар тараптуу обзор жүргүзүлдү. Бул милдеттин алкагында кийинки багыттар боюнча ишке ашырылган жана алдыда пландаштырылган милдеттер караштырылды:

- Карама-каршылык-сезимталдык

- Гендер

- Инновациялар

- Институционалдык/мамлекеттик башкаруу

-Климат, тынчтык, коопсуздук жана социалдык биримдик аспектилеринин ортосундагы байланыштарды камсыз кылуу.


Семинардын катышуучулары долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн ишмердүүлүктүн негизги багыттарын талкуулашты жана бекитишти. Семинар учурунда климаттык коопсуздукту камсыз кылуу жана жамааттарда социалдык биримдикти күчөтүү үчүн, бардык катышып жаткан өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенишүүнү бекемдөө боюнча координациялоону жана командалык ишти натыйжалуу алып барууну күчөтүүгө жетишилди.


«Жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары Кыргызстандагы тынчтык үчүн» долбоору гендердик теӊ укуктуулукту бекемдөөгө жана тынчтыкты орнотуу процесстериндеги аялдардын ролун жогорулатууга багытталган. Долбоор ишке ашырылган учурдан баштап, коомдогу туруктуу өзгөрүүлөрдү түзүүгө багытталган көптөгөн биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда.  

   

«Бүгүнкү күндө климаттык өзгөрүүлөр адамзаты өзүн өзү талкалоо багытына жылып бара жаткандыгын көрсөтүүдө. Эксперттердин берген баасы боюнча,  планетадагы орточо көрсөткүчкө караганда, Кыргызстанда жана жалпы эле Борбордук Азияда температуранын абдан тездик менен жогорулоосу байкалууда. Климаттын өзгөрүүсү мөӊгүлөрдүн интенсивдүү түрдө эрүүсүнө жана мөӊгү аянттарынын кыскаруусуна, кургакчылык жана суунун азаюусу мезгилинин тездик менен өсүүсүнө, адамдардын ден соолугунун начарлоосуна, ошондой эле табигый кырсыктардын санынын көбөйүүсүнө алып келүүдө. Түз жана кыйыр түрдөгү жоготуулардан улам келтирилген зыяндардын саны жыл сайын өсүүдө» - деп белгилеген КРнын Президенти С.Жапаров 2023-жылдын декабрында Дубайда (БАЭ) өткөн  БУУнун климаттын өзгөрүүсү тууралуу Алкактык конвенциясынын тарапташтарынын 28-конференциясынын жогорку деӊгээлдеги сегментинде.  


«Жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары Кыргызстандагы тынчтык үчүн» долбоору БУУнун Аялдар түзүмү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарбачылыгы уюмдарынын өнөктөштүгүндө Search for Common GroundCamp Alatoo, Жарандык платформа менен өнөктөштүктүн негизинде Тынчтыкты орнотуу фондунун каржылык колдоо көрсөтүүсү астында ишке ашырылууда.