"Жолуккан кандай жакшы" ыры авторлорунун аткаруусунда

May 27, 2024, 10:16
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы "Жолуккан кандай жакшы" ырынын авторун билет белеңиз?

Бул ырдын сөзү КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргыз улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Нарын облусунун Ардактуу атуулу жана көптөгөн сыйлыктардын ээси “Жүрөлүчү жүрөктөрдү оорутпай “, “Ыйлаган заман”, “Чындык ыры”, “Жолуккан кандай жакшы” ыр китептеринин автору Күлбүбү Байбугуеванын калемине таандык.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде уюштурган кезектеги "Поэзия кечесинде" эл арасында атактуу болгон ырды автор Күлбүбү Байбугуева жана обончу Мамарасул Мавлянов аткарып беришти.