“Жолукккан кандай жакшы” поэзия кечеси өттү.

May 22, 2024, 11:44
2024-жылдын 22-майында И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде И.Арабаев атындагы КМУ “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду уюштурган “Жолуккан кандай жакшы” аталышында поэзия кечеси өттү.

Иш-чарада КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргыз улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Нарын облусунун Ардактуу атуулу жана көптөгөн сыйлыктардын ээси “Жүрөлүчү жүрөктөрдү оорутпай“, “Ыйлаган заман”, “Чындык ыры”, “Жолуккан кандай жакшы” ыр китептеринин автору Күлбүбү Байбугуеванын жана “Үмүт”, “ Жүрөгүмдүн ээсине”, “Бадам гүлдөгөндө” аттуу проза жана ыр жыйнактарынын автору, акын, жазуучу Айнагүл Базарбаеванын чыгармалары жаңырды.

Ыр кечесинде акындардын аялзат, үй-бүлө, ата-эне жөнүндө ырлары, лирикалык темадагы чыгармалары жаңырды.Акындардын ыр саптарына жаралган обондуу ырларды Гүлназ Бекбосун кызы, Жайнагүл Калчаева, Мамарасул Мавлянов аткарышты.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова, акындарга чыгамачылык эргүү каалап, И.Арабаев атындагы университеттин администрациясына жана “Жаңы толкун” адабий клубуна ыраазычылык билдирди: “Роза Отунбаеванын жеке демилгеси эле, акындары эл уксун, азыктансын,агарсын деген максатта ушул “Поэзия кечелери” уюштурулуп баштаган. Бүгүнкү кеченин көрүүчүлөрү да жан дүйнөсүн ыр менен азыктандырды деп ишенебиз”-деди Роза Кайыкова.
Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын,жазуучу, драматург Менди Мамазарова, “Поэзия кечесин” 11 жылдан бери уюштуруп келаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна ыраазычылыгын билдирди:“Канчалаган акындардын багы ачылып филармониянын залында чыгармаларын окушту. Бүгүн дагы кеченин каармандары, кыргыздын таланттуу кыздарынын калемине таандык мыкты чыгармаларды уга алдык”.

И.Арабаев атындагы КМУ мамлекеттик тил жана адабият институтунун өкүлү Аида Эгембердиева
университет адабияттын өнүгүүсүнө багытталган ушундай иш-чараларды колдой турганын белгиледи:“Бул демилгени Роза Исаковнанын экс-президенттердин арасынан адабиятка кошкон чоң салымы деп билебиз.Азыр поэзия жанданып жатат, китеп менен эмес күнүмдүк жан багуу менен алектенип калган убакта, чыгарма жазган акындарга жана иш-чаранын уюштуруучуларына рахмат”.
Поэзия кечеси “Жолуккан кандай жакшы” чыгармасы менен жыйынтыкталды.

Бул кече “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып 121 акын катышкан 48-поэзия кечеси болду.