Кыргызстандын табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу БУУӨП, Япония Өкмөтү жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуу коркунучун азайтуу боюнча негизги долбоордун жыйынтыктарын сунушташты

March 27, 2024, 12:49

Бишкек, 27-март, 2024 – Бүгүн Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстандагы мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуусунан жана сел агымдарына байланыштуу тобокелдиктерди жана чабалдыкты азайтууга багытталган БУУӨП менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен долбоорунун жыйынтыктары сунушталды. Иш-чара долбоордун жетишкендиктерин жыйынтыктоо үчүн министрликтердин жана ведомстволордун, бийик тоолуу көлдөрдүн маселелери менен өз ара аракеттешкен илимий мекемелердин, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн чогултту.

 

Долбоордун алкагында жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн мониторинги үчүн уникалдуу маалыматтык система иштелип чыккан, ал машиналык үйрөнүүгө негизделген өзүнүн алгоритмдери менен жабдылган. Бул табигый кырсыктардын, өзгөчө мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуусунан жана селдерден келтирилген зыянды натыйжалуу алдын алууга же азайтууга мүмкүндүк берет, ошондой эле суу ташкындарын жана сел процесстерин болжолдоонун тактыгын жана ыкчамдыгын жогорулатат.

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов мындай деди:«Табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын бекемдөө – өзгөчө кырдаалдарга даярдыгыбызды жогорулатуунун негизги фактору. БУУӨПтүн жана Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен биз бул жаатта олуттуу ийгиликтерге жетиштик».

 

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидеки Года: «Кыргызстан – климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине дуушар болгон аярлуу өлкөлөрдүн бири. Мөңгү көлдөрүнүн жарылуусу гуманитардык, социалдык, экономикалык, экологиялык жана саясий коркунучтарды жаратышы мүмкүн. Япония өкмөтү тыгыз кызматташтыкта туруктуу коомду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт».

 

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва: «Бул долбоор Кыргызстанда адамдын туруктуу өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат. Кызматташтыгыбыз аркылуу биз өлкөнүн табигый кырсыктарынын алдын алуу жана ага жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн бир кыйла жогорулата алдык».

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти Канатбек Чыныбаев мындай деп белгиледи: «Бул долбоордун натыйжалары климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин чечүү келечектеги коркунучтарды эске алуу менен комплекстүү мүнөзгө ээ болууга, болжолдоонун жана жооп кайтаруунун жаңы ыкмаларын өнүктүрүүгө тийиш экендиги чагылдырылган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруунун талаптарына түздөн-түз жооп бере тургандыгы кубандырат».

 

Долбоор үч негизги багытта олуттуу натыйжаларга жетишти:

 

1. Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу жана бекитүү:

Долбоордун алкагында 2030-жылга чейинки иш-аракеттердин улуттук планы түзүлгөн, ал табигый кырсыктардын жана сел процесстерин мониторингдөөнүн жана болжолдоонун улуттук потенциалын жакшыртууга багытталган. План Кыргызстандагы учурдагы мониторинг жана болжолдоо системаларын ар тараптуу талдоону камтыйт. Ал ошондой эле бийик тоолуу көлдөрдү көзөмөлдөө үчүн автоматташтырылган системаны түзүүнү жана 2030-жылга чейин иштей турган бирдиктүү комплекстүү мониторинг жана болжолдоо системасынын концепциясын иштеп чыгууну камтыйт.

 

2. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук потенциалды чыңдоо:

Экинчи негизги натыйжа мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуусуна байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу боюнча улуттук потенциалды чыңдоо болду. Буга спутниктик маалыматтарга жетүү менен программалык камсыздоону жана жабдыктарды жаңыртуу жана интеграциялоо аркылуу улуттук кырсыктарды көзөмөлдөө тутумуна жетишилди. Кооптуу көлдөрдүн мониторинги үчүн бирдиктүү маалыматтык системасын өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү, анын ичинде машина үйрөнүү алгоритмдери, көп параметрлик талдоо жана тобокелдиктерди баалоо үчүн болжолдоо системалары сыяктуу инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

 

3. Жергиликтүү жамааттардын адаптациялык потенциалын жогорулатуу:

Долбоордун үчүнчү маанилүү натыйжасы – жергиликтүү жамааттардын мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуу жана селдердин коркунучуна ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо. Бул пилоттук жамааттардын (Чолпон-Ата ш., Чоң-Сары-Ой жана Бостери айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү) тургундарын алдын алуу иш-аракеттерине окутууну, кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча жергиликтүү пландарды иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү, ошондой эле коргоочу курулмаларды куруу сыяктуу практикалык иш-чараларды өткөрүүнү камтыган биргелешкен ыкма аркылуу жетишилди. Ошондой эле калктын табигый коркунучтар жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу максатында маалыматтык кампания өткөрүлдү.

 

 

Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана БУУӨПтүн аракети менен ишке ашырылган долбоордун жыйынтыгын чыгаруу Кыргызстандын табигый кырсыктарга туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү кадам болду. Алдыңкы технологияларды ийгиликтүү киргизүүгө жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу системасын жакшыртууга негизденип, долбоор потенциалдуу коркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча улуттук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла күчөттү. Бул жетишкендик Кыргызстандын калкынын коопсуздугун гана жогорулатпастан, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча региондук жана глобалдык аракеттерге маанилүү салым кошту.


«Табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын жана жамааттардын адаптациялык потенциалын бекемдөө аркылуу Кыргызстанда мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуусунан жана селден улам тобокелдиктерди жана аялуулукту азайтуу» долбоору жергиликтүү жамааттарды коргоону камсыз кылуу менен мөңгүлүү көлдөрдүн жарылуусунан жана андан кийинки суу ташкындарынан келип чыгуучу мүмкүн болуучу кырсыктарга байланыштуу тобокелдиктерди жана алсыздыктарды азайтууга багытталган. Долбоор БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) аркылуу Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосунун аркасында Climate Promise демилгесинин алкагында мүмкүн болду.

 

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776