“Аялдар – тынчтык тиреги” долбоорунун алкагындагы Баткен жана Лейлек райондорунда окуучулар жана балдар арасында өткөрүлгөн ыр, дилбаян жазуу, сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

March 20, 2024, 08:49
“Аялдар – тынчтык тиреги” долбоорунун алкагындагы Баткен жана Лейлек райондорунда окуучулар жана балдар арасында өткөрүлгөн ыр, дилбаян жазуу, сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз жана келечеги кең болушун каалайбыз!

Сынакка Баткен районунун Дара, Кара-Булак, Төрт-Күл, Кыштут, Суу-Башы айыл аймактары, Лейлек районунун Тогуз-Булак, Кең-Талаа, Сумбула, Лейлек айыл аймактарынын тургундары гана катышты.

БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынган “Аялдар-Тынчтык тиреги” долбоору БУУнун Аялдар түзүмү, БУУнун Азык-түлүк программасы жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” менен биргеликте ишке ашырылууда.