Нарын шаарынын мугалимдери үчүн санариптик сабаттуулук боюнча окутуу болду
March 18, 2024, 20:53![](https://roza.kg/media/images/press/433861675_817206137114876_4394279223535531796_n.jpg)
2024-жылдын 16-мартында Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде “Санарип 50+” долбоорунун алкагында Нарын районунун мектептеринин мугалимдери үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан санариптик сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.
“Санарип 50+” долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан KICB банкынын колдоосу менен ишке ашырылат.
Долбоордун максаттары – улуу муундагы адамдарын смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга, финансылык сабаттуулуктун негиздерине, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга үйрөтүү.