Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Жылдыздар китеп окуйт” акциясына катышты

March 15, 2024, 22:28
2024-жылын 15-мартында КР ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду уюштуруп келе жаткан “Жылдыздар китеп окуйт” акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын 4-класстын окуучуларына Фонд тарабынан чыгарылган “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” китебин окуп берди.

Алгач мектептин директору Абдураимова Анара балдарга депутат деген ким экенин түшүндүрүп, Эльвира Сурабалдиева Биринчи май районунан шайланганын, атайын балдарга китеп окуп берүү үчүн келгенин кошумчалап тааныштырды.

Депутат айым окуучуларга “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” китебинде жазылган Бишкек шаары, анын сыймыктуу жерлери, парк, театрлары жана анда болуп жаткан ар түрдүү маданий иш-чаралары тууралуу окуп берип, ошол эле учурда балдар менен алар кайда жайгашканын сурап, кызыктуу талкуу өткөрдү.

Андан соң окуучулар менен суроо-жооп болуп Эльвира Сурабалдиева китеп окуу эң жакшы адат экенин белгиледи. “Китеп көп окуган адам акылдуу гана болбостон сулуу, жан дүйнөсү бай болуп калыптанат. “Жакшы адам болом, чоң жумуштарды жасайм десеңер алгач үйүңөрдө болгон китептин баарын окуп чыккыла, андан соң силерге кандай жанр жагаарын билип каласыңар да, тандоо сезимиңер күч алып андан да кызыктуу китептерди окуйсуңар. Анан дагы өлкөбүздүн патриоту катары дүйнө жүзүнө таанымал биздин атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун да китептерин сөзсүз окугула” деген кеңешин берди.

Эльвира айымга Фонд тарабынан чыгарылган “Вилли Брандт” жана “Си Цзиньпинь “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китептери белекке берилди. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду Эльвира Сурабалдиевага “Жылдыздар китеп окуйт” акциясына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет.

“Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын максаты балада китеп окуу адатын жана аны сүйүүнү калыптандыруунун алмаштырылгыс элементи катары балдарга китеп окуп берүү зарылчылыгына коомдун көңүлүн буруу.