Фонд “Бөбөктай” борборунун ачылышына колдоо көрсөттү

March 1, 2024, 10:42
Бүгүн, 1-мартта, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн “Бөбөктай” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды.

Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова катышып, бул демилгени колдоо менен Фонд билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатын көздөгөнүн белгиледи. “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду негизделгенден тартып балдарды эрте курактан өнүктүрүү жана билим берүүнү жакшыртуу багытында көптөгөн долбоор жана демилгелерди ишке ашырып келет.Бул өнүктүрүү борбордон сырткары Фонд, Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкынын каржылык колдоосу менен Билим берүү министрлигинин аймактардагы методикалык борборлоруна интерактивдүү панелдерди алып берип, санариптик көндүмдөр боюнча тренингдерди өттү”-деди Роза Жазыбаевна.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду KICB банкынын колдоосу менен “Бөбөктай” борборун сыналгы, муздаткыч,микротолкундуу меш, балдар үчүн матрац жана пуфиктер менен камсыздады.

Борборду ачуу идеясы Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаевага таандык.Борбордо балдар эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышат. Аларды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишимге ылайык күндүзү мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студент-практиканттар карайт.

Борбордогу өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, килемдер улуттук стилде коопсуз, экологиялык таза материалдардан жасалган.