Ивановский жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн ҮЗСК мүчөлөрү үчүн киришүү семинарлары өткөрүлдү

February 25, 2024, 21:44

21 - 22 февралда Ивановский жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн жигээрчилерине ҮЗСК мүчөлөрү үчүн киришүү семинарлары өттү.

 

Семинардын максаты- жергиликтүү коомчулук деңгээлинде жигээрчилер жана тийешелүү айыл өкмөтү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн үй бүлөлүк зомбулукту профилактикалоо жана төмөндөтүү чаралары тууралуу окутуу.

 

Ар бир айыл өкмөттө дагы үчтөн семинар болот жана жаңы түзүлгөн Комитеттер үй бүлөдөгү жана гендердик зомбулукту профилактикалоо жана төмөндөтүү ишине киришет.

 

Семинарлардын тренери- гендердик укук коргоочу Гульбарчын Жумабаева Киришүү семинарынын катышуучулары Кыргызстандагы үй бүлөлүк гендердик зомбулуктун статистикасы менен таанышышты.  Мындан сырткары тренер ҮЗСК курамы, мааниси, функциясы жана милдеттери тууралуу презентациясын сунуштады. Айыл өкмөттөгү ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү өткөн 2023 –жыл ичиндеги үй-бүлөлүк гендердик зомбулуктардын статистикасын көргөзүштү ал эми социалдык кызматкерлер үй бүлөлүк зомбулукту кыскартуу чаралары тууралуу айтып беришти.  Семинардын катышуучулары жана анын ичинде ичке иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жооптошуу жана, түшүнүү менен колдоо көрсөтүүсүн кубануу менен белгилөөгө болот. 

 

Бул айыл өкмөттөрдө кезектеги семинарлар үстүбүздөгү жылдын март айы аралыгында өткөрүлмөкчү.

 

Жергиликтүү Үй бүлөлүк Зомбулуктун алдын алуу комитеттери(ҮЗСК) –бул 17 ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн камтыган үй бүлөлүк гендердик зомбулуктан коргогон коомдук орган.

 

ҮЗСК курамына жабыркагандарды коопсуздук, тамак аш жана жайгашуучу жайлар менен камсыздаган, ички иштер  органынын кызматкерлери, социалдык кызматкерлер мындан сырткары жабыркалануучулардын абалы тууралуу протоколдорду түзүүчү медициналык кызматкерлер киришет.

 

ҮЗСК милдети үй бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам берүү эле эмес, коомчулуктун бардык деңгээлдеринде –мектептерде, квартал жашоочолура арасында, көчө, райондордо, ишкана-уюмдарда профилактикалык, маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тобокел тобундагы үй бүлөлөргө өбөлгөлөрдү түзүүгө көмөк көрсөтүү.

 

Бул себептүү ҮЗСК курамына аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, жаштар уюмдарынын кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү ж.б. киришет.


2023 жылдын официалдуу статистикасына ылайык 13000 үй бүлөлүк зомбулук катталган. Үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин 95%-аялдар жана кыздар. Окуялардын 75% агрессор болуп жакын тааныштар болгон (күйөсү, болочок же мурдагы күйөө, уулу ж.б). 

 

“Үй бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн Чүй облусунун ҮЗСК мүчөлөрүнүн гендер сезимталдыгын жогорулатуу” долбоору Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин каржылык колдоосу менен турмушка ашыруу мүмкүн болду.