Сузакта пилоттук мектептерди өнүктүрүү пландарын даярдоо боюнча директорлор үчүн тренинг өттү

February 14, 2024, 06:09

2024-жылдын 13-февралында Сузак районундагы А.Юнусов атындагы №65-орто мектебинде мектептерди өнүктүрүү пландарын даярдоо боюнча тренинг өттү.


Иш-чара "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар"долбоорунун экинчи фазасынын алкагында уюштурулду.


Тренингге КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, Жалал-Абад методинститутунун директору Токтосунов Акылбек Адешович, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев Сопубек Камалович жана райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары Камбарова Гульмира Бекеновна,пилоттук мектептердин директорлору, социалдык педагогдор, предметтик мугалимдер, ата-энелер жана мектеп парламентинин өкүлдөрү катышышты.


"Илимдеги кыздар" долбоорунун лидери Тим Абакир Мамытов долбоордун максаттары тууралуу маалымат менен бөлүшүп, өлкөнүн билим берүүсүндөгү STEM багытын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Жалал-Абад облусунун методикалык борборунун башчысы Акылбек Токтосунов "Илимдеги кыздар"долбоорунун командасына ыраазычылык билдирди. Ал региондогу мектептер тарабынан гендердик сезимталдыкты өнүктүрүүгө жана STEM тармагында окутууга багытталган билим берүү программаларына терең кызыгуусун билдирди.


КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров окуучулардын так илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер заманбап билим берүү талаптарына жооп берерин белгиледи. Алтынбек Жапаров иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына алардын маанилүү иштеринде ийгилик каалады.


Тренингдин биринчи бөлүгүндө долбоордун эксперти Жеңиш Урумов долбоордун алкагында өткөрүлгөн мектептерди өнүктүрүү пландарына жүргүзүлгөн кырдаалдык анализдин жыйынтыгы менен тааныштырды. Гендердик эксперт Чынара Давлетова "Гендер деген эмне?".


Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар гендердик сезимтал педагогиканы жана предметтерди өнүктүрүүнү эске алуу менен мектептерди өнүктүрүү планын даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.


ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи этабын "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ Инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.