Н.Колесникова: «Мектепке чейинки билим берүү тутумунда жоопкерчиликтин көбүрөөк бөлүгүн ата-энелер алууга тийиш»

November 27, 2013, 06:00

Мектепке чейинки билим берүү тутумунда жоопкерчиликтин көбүрөөк бөлүгүн ата-энелер көтөрүүсү тийиш. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун калкасындагы “Мектепке чейинки билим берүү маселесиндеги мамлекеттик саясатты алга жылдыруу” долбоорунун эксперти Наталья Колесникова билдирди.

Анын айтымында, учурда мектепке чейинки билим берүүгө муктаж болгон балдардын 80%дан ашууну ага жеткиликтүүлүгү жок. “Мамлекет учурда тийиштүү имараттарды курууга да мүмкүндүгү жок. Ошондуктан 2007-жылы кабыл алынган “Мектепке чейинки билим берүү стандартына” өзгөртүү, толуктоо киргизүү аркылуу аталган билим берүү тутумун эки бөлүккө ажыратууну сунуштап жатабыз.

Ал боюнча, мамлекет – билим берүү үчүн гана жоопкерчилик алса, ата-эне баланын уйкусу, тамактанышы, жана каралышы үчүн каражатты өзүнө алышы тийиш. Башкача айтканда, мамлекетти биз жүктөн арылтып, калган каражатты башка альтернативдүү бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө жана башка тийиштүү жактарга бурулат.

Натыйжада калган муктаж балдар мектепке чейинки билим берүү менен камтылат. Бирок бул мамлекеттик бюджеттен чыгашаны талап кылбайт, болгону ата-энелер бакчага азыраак кошумча каражат төлөп баштайт”, - деди ал.


Алтынай Мураталиева - Кабар