Кызыл-Кыя шаарында пилоттук мектептерди өнүктүрүү пландарын даярдоо боюнча тренинг өттү

February 15, 2024, 06:04

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы 1-орто мектебинде өнүктүрүү пландарын түзүү боюнча тренинг өттү. Иш-чара 2024-жылдын 14-февралында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар"долбоорунун экинчи фазасынын алкагында өткөрүлдү.


Тренингге пилоттук мектептердин директорлору, социалдык педагогдор, окуу предметтеринин мугалимдери, ата-энелер, мектеп парламентинин өкүлдөрү, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Мирлан Айтматов, Баткен облустук усулдук борбордун өкүлү Осмон Эркебаев жана Баткен билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жамиля Матосмонова  катышышты.


КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров иш - чаранын катышуучуларына билим берүү системасындагы пландалган реформалар жөнүндө айтып берди. "Ааламдашуу мезгилинде бүткүл дүйнөнүн көңүлү STEM тармагын өнүктүрүүгө бурулат, STEM предметтерин окутууну жакшыртуу үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу процессине жаңы окуу китептерин киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө"-деп белгиледи Алтынбек Дүйшекеевич.

 

Кызыл-Кыя шаарынын Вице-мэри Мирлан Айтматов "Илимдеги кыздар" долбоорунун командасына ыраазычылык билдирип, катышуучуларга окутуулардын жемиштүү болушун каалады.


Баткен облустук усулдук борбордун өкүлү Осмон Эркебаев мектеп директорлорун активдүү болууга жана долбоор берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырды.


Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жамиля Матосмонова бул долбоорго Кызыл-Кыя шаарынан 9 мектеп катышып жатканына өзгөчө канааттануусун билдирип, муну чоң ийгилик катары баалады.


Тренингдин биринчи бөлүгүндө долбоордун эксперти Жеңиш Урумов долбоордун алкагында өткөрүлгөн мектептерди өнүктүрүү пландарына жүргүзүлгөн кырдаалдык анализдин жыйынтыгы менен тааныштырды. Гендердик эксперт Чынара Давлетова "Гендер деген эмне?".


Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар гендердик сезимтал педагогиканы жана предметтерди өнүктүрүүнү эске алуу менен мектептерди өнүктүрүү планын даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.


ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун экинчи этабын "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, Балдарды коргоо борбору, БААУ Инновациялык колледжи жана Энактас Кыргызстан менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.