«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Фонддун жамааты менен жолугушту

February 18, 2024, 06:29

2024-жылдын 16-февралында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу, БУУнун Башкы Катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Фонддун жамааты менен жолугушуу өткөрдү, анда учурдагы жана келечектеги долбоорлор талкууланды, ошондой эле ийгиликтүү демилгелердин жыйынтыктары чыгарылды.

 

Фонддун кызматкерлери билим берүү, үй-бүлөлүк гендердик зомбулукка каршы күрөшүү, экология жана китеп чыгаруу чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кең-кесири айтып берди.

 

Жолугушууда Роза Отунбаева сабаттуулуктун, жалпы сапаттуу билим берүүнүн, экономиканы өнүктүрүүгө аялдардын салымынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Фонддун артыкчылыктары боюнча ишти улантууга жана күчөтүүгө чакырды. Фонддун китепканасы ошондой эле балдар үчүн инновациялык китеп менен толукталды, ал сөзсүз түрдө кыргыз тилине которулат жана өтө жакынкы келечекте басып чыгарылат.


Шыктандырган сөздөр жана позитивдүү маанай кызматкерлерге энтузиазм берди жана андан аркы ийгиликтүү иш үчүн жүйөө болуп калды.