Түркия мамлекетинин элчисинин жубайы Мария Доган айым менен жолугушуу болду

February 12, 2024, 05:32
2024-жылдын 8-февралында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрүнүн Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын жубайы Мария Доган айым менен жолугушуусу болду.

Жолугушууда Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова уюмдун ишмердүүлүгү жана басма иш-аракети тууралуу маалымдап, Мария Доган айымга Фонд басып чыгарган “Манас – кыргыздын баатырдык эпосу” китебин белекке берди. Мария Доган айым Фонддун басма иштери менен кенен таанышып өзүнүн жогору баасын берди. Мындан сырткары Фонддун иш-чаралары кызыктуу өтүп атканын белгилеп мындар ары да катышууга кызыктар экенин, акцияларга “Эл аралык айымдар” клубунун мүчөлөрү менен катышууга ынтызаарлыгын белгиледи.

Роза Кайыкова Мария Доган айымга жолугушууга келгенине ыраазычылыгын айтты. Жолугушууда тараптар маданий алака, эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.