Эл аралык Илимдеги кыздар жана айымдар күнүнө карата мектеп директорлору үчүн маалыматтык сессия уюштурулду.

February 8, 2024, 12:37
2024-жылдын 8-февралында “Илимдеги кыздар” долбоорунун пилоттук мектептеринин директорлору үчүн маалыматтык сессия өттү.


Иш-чара мектеп директорлоруна STEM багытын өнүктүрүү тажрыйбалары тууралуу маалымдоо максатында ZOOM платформасында онлайн форматта уюштурулду.


Билим берүү боюнча эксперт, Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору, Улан Мамбетакунов директорлорго «Илимдеги кыздарды мектептерде колдоо» темасында презентация жасады.

Улан Эсенбекович билим берүүдө STEM багытынын артыкчылыктуулугунун себептери тууралуу айтып берип, аймактардагы мектептерде колдонууга алына турган тажрыйбалар менен бөлүшүп өттү. Ошондой эле Улан Мамбетакунов мектептерде STEM кабинетин ачуу, окуучуларды бул тармакка кызыктыруу үчүн илимпоздор менен жолугушууларды уюштурууну жана англис тилинде сабак берүүнү күчтөнтүү сунуштарын берди.


Ноокат районунун Режап Хужанов атындагы орто мектебинин директору Мухаммадазиз Мамитов Улан Эсенбековичке ыраазычылыгын билдирип, мектептер робототехника же STEM кабинетине керек болчу сапаттуу техникаларды сатып алуусу үчүн ишенимдүү компанияларды сунуштоону суранды.


Ошондой эле Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинин директору Тынчтыкбек Турсуналиев өз мектебиндеги биология мугалими сабактарында англис тилинде терминдерди колдонуу тажрыйбасы ийгиликтүү болуп, райондук башка мектептерге да жайылтылып жатканын маалымдады.Маалыматтык сессия STEMДИ өнүктүрүү жаатындагы мыкты аянтча катары катышуучуларга пайдалуу болду.


Директорлор “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна жана “Илимдеги кыздар” долбоорунун жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.


ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси”, Балдарды коргоо борбору, БААУнун Инновациялык колледжи жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси аркылуу ишке ашырылууда.