БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Гравье Баткен облусунун тургундары менен жолукту.

February 2, 2024, 00:37
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве Баткен облусуна болгон иш-сапарынын алкагында 31-январдан 1-февралга чейин “Аялдар тынчтык-тиреги” долбоорунун пилоттук Кара-Булак жана Сумбула айыл аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулук жана активдүү аялдардын жамааттары менен жолукту.

Жолугушууда климаттын өзгөрүүсүнүн жергиликтүү калкка тийгизген таасири, тынчтык жана аны сактоодо пайда болуп жаткан көйгөйлөр жана аларды чечүүдөө аялдардын ролу тууралуу сөз козголду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аялдар жамааттары “Аялдар тынчтык-тиреги” долбоорунун алкагында жасалып жаткан иштер боюнча өздөрүнүн ойлорун билдиришти.

“Аялдар тынчтык-тиреги” долбоору БУУ Аялдар түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Search for Common Ground, Camp Alatoo, Жарандык платформа уюмдары менен өнөктөштүктөТынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

“Аялдар тынчтык-тиреги” долбоорунун максаты-Кыргызстанда тынчтыкты сактоого алып баруучу климаттык коопсуздук маселесин чечүү үчүн негиз катары жарандык коомдун аялдардын уюмдарынын институционалдык потенциалын өстүрүү жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.