Токмок шаарында ҮЗСК мүчөлөрү жана жигээрчилер үчүн гендер сезимталдуулукту жогорулатуу аркылуу үй бүлөдөгү зордукту төмөндөтүү боюнча тренингдер уланууда

February 1, 2024, 08:27

26 январда Токмок шаардык үй бүлөлүк зордуктун алдын алуу комитети (ҮЗСК) үчүн тренинг өткөүлдү. Тренингде катышуучулар бир жылга атк5арыла турган иштердин планын түзүштү.


 Үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар чакыруулары жана зомбулукка кабылуу учурунда документештирүү тартибин карашты. Тренер зомбулукка кабылуу учуру тастыгын тариздөө маанилүүлүгүн практикалык мисалдар менен дыкат түшүндүрдү.


Мисалы коргоо ордери- жабырлануучуну ыдыкчыдан коргой турган эле документ эмес, чот процессиндеги жабыркалануучу үчүн күбөлүк дагы.


Мындай аспектилерди түшүнүү ҮЗСК мүчөлөрүнүн, аны менен бирге ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин аң-сезимдүүлүгүн жогорулатат. Анткени алар көпчүлүк учурларда жабырлануучулар арызын кайра алып коюшат деген жүйө менен коргоо ордерлерин толтурушпайт. Мунун менен бирге жабырлануучунун документалдуу фиксацияланган арызы да аны коргоодогу чоң аргумент болуусуна өбөлгө түзөт.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу менен «Токмок шаарынын ҮЗСК мүчөлөрүнүн жана жигээрчилердин гендер сезимталдуулугун жогорулатуу аркылуу үй бүлөлүк зомбулукту жоюуу” долбоорун турмушка ашырууда жана АКШ элчилигине жана Мамлекеттик Департаментине каржылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.


Бул жерде көрсөтүлгөн ой пикирлер, сунуштар, чечимдер авторлордуку экендигин билдирет жана АКШ  Мамлекеттик Департаментинин көз карашын сөзсүз билгизет дегенге жатпайт.