«Балалык мектеби» долбоорунун алкагында мектепке чейинки курактагы балдарды музыкалык тарбиялоо жана өнүктүрүү усулдары жөнүндө лекция өттү

November 27, 2013, 06:00

Италиялык дирижер, Борбордук-азиялык жаштар оркестринин жетекчиси Джурардо Колела жана "Синяя птица" Монтессори-клубунун жетекчиси, Карл Орф усулу боюнча сертификаты бар педагог Камила Исабекова педагогдорду, музыкалык кызматкерлерди, тарбиячыларды, педагогикалык ЖОЖдордун студенттерин жана ата-энелерди Карл Орфтун жана Шиничи Сузукинин мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн музыкалык усулдары менен тааныштырды.

 

Лекция «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Балалык мектеби» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.