«Үмүт- Надежда» реабилитациялоо борборундагы Спираль майрамы

January 29, 2024, 06:47

2024-жылдын 26-январында «Үмүт- Надежда» реабилитациялоо борборунда өтө толкунданткан иш-чара – мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн Спираль майрамы болуп өттү.


«Спираль» - бул балдар сыйкырды, таңкалууну башынан өткөрүшү, кичинекей оттун кантип бардыгына жарык болуп калаарын көрүү. Бул жалпы кубанычты башынан өткөрүү. «Спираль» майрамы балдар менен ата-энелерге ушул ички жарыкты сезүүгө, адеп-ахлактын байыркы булактарын көрүп-билүүгө жардам берет.


Борбордо ден соолук абалы өтө татаал, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, жетимдер жашайт. Фонддун кызматкерлери бул иш-чарага катышып, балдар, ата-энелер, педагогдор жана тарбиячылар менен баарлаша алды, алар менен бирге жалпы терең эмоцияларды башынан өткөрдү.


Бул борбор коомдук кайрымдуулук уюму болуп саналат, анын максаты билим берүүнүн учурдагы системасынан тышта калган ДМЧ балдар үчүн инклюзия болуп саналат.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду көптөгөн жылдардан бери бул Борбордогу балдар менен мээримдүү мамиледе болуп, аларга жардам берип келатат. Борбордун негиздөөчүсү Карла-Мария Шелике болгон, ал 1989-жылы өзүнүн балдарды Реабилитациялоо борборун түзгөн, ал үмүттүн жана балдар менен алардын ата-энелерин колдоонун оазиси болуп калды.


Тилекке каршы, Карла Мария Шелике жакында эле жашоо менен кош айтышты. Ал өтө мээримдүү, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды чексиз сүйгөн адам эле. Дал ушул Борбордо гумандуу педагогиканын принциптери киргизилген. Вальдорф педагогикасы боюнча балдар үчүн семинарлар, педагогдор, ата-энелер үчүн ар жылдагы семинарлар, Германиядан мыкты медик адистердин келиши – ушулардын бардыгы Карла-Мариянын жана анын командасынын күчү менен жасалган.


Фонд, «Үмүт-Надежда» борборунун жетекчилигинин атынан, бул иш-чараларга катышуу үчүн Аялдар Дипломатиялык Клубунун мүчөлөрүн чакырды. Түрк Республикасынын КРдагы Элчисинин жубайы, Мария Доган айымга терең урматтообузду жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз, ал өтө активдүү катышты, ДМЧ балдар үчүн өтө зарыл буюмдарды алып келди. Ошондой эле Япониянын КРдагы Элчисинин жубайы, Года Юри айымга анын көңүлкош эместиги, иш-чарага мээримдүүлүк менен катышкандыгы үчүн  ыраазычылык билдиребиз.


Фонддун кызматкерлери балдарга сүт азыктарын, мөмө-жемиштерди жана кир жуугуч каражаттарды алып келди.