STEM4All&MentoringHer долбоорунун алкагында STEM тармагындагы менторлор менен ментилердин жолугушуусу болуп өттү
December 22, 2023, 08:482023-жылдын 19-декабрында И.Раззаков атындагы Кыргыз
Мамлекеттик Техникалык Университетинде STEM4All&MentoringHer долбоорунун
менторлору жана ментилеринин биринчи жолугушуусу өттү.Иш-чарага аймактардан
катталган катышуучулар да онлайн катышышты.
STEM4All&MentoringHer
БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленип,Япония
Өкмөтү каржылаган Digital x долбоорунун
алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Жолугушуунун максаты Программага катталган устаттар жана
шакирттер ортосунда олуттуу байланыш түзүү жана STEM мүмкүнчүлүктөрү тууралуу
маалымдоо, ошондой эле STEM4ALL x Mentoring насаатчылык программасы тууралуу
айтып берүү.
Жолугушууда иш-чаранын модератору, гендердик эксперт Нора
Суюналиева эмне үчүн келечек кесиптеринде STEM
(Илим-Технология-Инженерия-Математика)
маанилүү экендиги тууралуу жана илим,технология жана инновация тармактарына
кыздарды тартуунун зарылчылыгы жөнүндө
презентация жасады.
БУУӨП Кыргызстандын Акселератор лабораториясынын эксперимент
жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Женни Жениш кызы STEM келечек кесиптери үчүн санарип
жана жашыл трансформацияларга мүмкүнчулүктөрдү ачаарын белгиледи.БУУӨПтүн "Кыргызстандагы аялдардын керектөөлөрүн баалоо"
(2023) акыркы отчетуна ылайык, аялдар окуу жана карьералык өсүү
процессинде ментордук колдоого муктаж. Бул насаатчылык программасы аялдардын
муктаждыктарын эске алуу менен демилгеленген.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору
Роза Кайыкова долбоордун катышуучуларына ийгилик каалап, Программа алкагында
берилген мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдаланып калууга чакырды.
Долбоордун эксперти Асель Джакыпбекова долбоор алкагында
өткөрүлө турган лекциялардын программасы менен тааныштырып, “жумшак”/soft
көндүмдөрдүн STEM тармакта өнүгүү үчун зарылдыгы тууралуу айтып берди.
Бул Ментордук жолугушуулардын биринчи тобу эле. Бүгүнкү күндө программада 191 менторлор жана 160 ментилер катталды. Программага катышууну каалаган айымдар менен кыздар үчүн каттоо уланып жатат.
КАТТАЛУУ ҮЧҮН ШИЛТЕМЕЛЕР:
Менторлор/насаатчылар үчүн: https://forms.gle/CnffLkd31izuXhRm6
Ментилер/насаат алуучулар үчүн: https://forms.gle/ph26wZ1ckrCRjvan8
STEM4ALL насаатчылык программасы боюнча суроолоруңуз болсо,
долбоордун координатору stem4all@roza.kg менен байланышыңыз.
ЖМК үчүн байланыш - Айнагуль Абдрахманова, ПРООН, ainagul.abdrakhmanova@undp.org