Роза Отунбаева Борбордук Азиядагы лидер айымдардын ТОП-40ына кирди

December 21, 2023, 23:01

Өзбекстанда «Юксалиш» жалпы улуттук кыймылы Социалдык жана экономикалык демилгелер институту менен бирдикте эксперттердин колдоосу менен «Борбордук Азиядагы лидер айымдардын» рейтингин даярдады.

 

Белгиленгендей, рейтинг турмуштун ар кандай чөйрөлөрүнө, анын ичинде саясатка, бизнеске, билим берүүгө, илимге, көркөм өнөргө жана коомдук маселелерге кыйла таасир эткен айымдарды белгилөөгө чакырылган, деп жазат yuz.uz.

 

Талапкерлердин таасирдүүлүгүнүн деңгээлин айкындоодо эксперттер математикалык, ошондой эле эмпирикалык методдорго негизденди.

 

Тандоонун биринчи этабында талапкерлер төмөнкүлөргө ылайык бааланды:

- ээлеген кызмат ордуна жана чечимдерди кабыл алууда таасиринин деңгээлине (10 балл);

- цитата кылынышына жана таанымалдыгына (10 балл);

- көтөрүлгөн коомдук-саясий жана экономикалык демилгелерине (5 балл).

 

Экинчи этапта Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 300дөн ашык эксперттердин катышуусу менен онлайн-добуш берүү өткөрүлдү.

Добуш берүүгө катышкан эксперттердин курамында омбудсмендер, алдыңкы «ойлонуучу борборлордун» жетекчилери, парламентарийлер, академиктер, ошондой эле жарандык коом институттарынын, Борбордук Азияда аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

 

Борбордук Азиядагы лидер айымдардын ТОП-40ына Кыргызстандан төмөнкүдөй сегиз айым кирди:

Айгуль Жапарова Кыргызстандын биринчи ледиси, «Эне-балага тирек» коомдук фондунун төрайымы

Джамиля Исаева – Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Роза Отунбаева – БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү, Кыргызстан

Нуржан ШайлдабековаКыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

Наталья НикитенкоКыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери

Роза Айтматова – коомдук ишмер, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер

Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты

Динара Ошуракунова«За демократию и гражданское общество» коалицииясынын эксперти жана жарандык активисти, Кыргызстан.

 

Эксперттер Роза Отунбаева Борбордук Азиядагы биринчи президент айым деп белгиледи. «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун демилгечиси өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошууда. Роза Отунбаева лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташтык жагынан 35 жылдан ашык кесиптик тажрыйбага ээ. Жарандык коомдун турмушун, мамлекеттик жана жеке секторлорду жакшыртууга кошкон салымы үчүн 2019-жылы Р.Отунбаева Кувейт сыйлыгына татыктуу болгон.