Эркин Рыскулбеков "Жылдыздар китеп окуйт" акциясына катышты

November 27, 2023, 23:37
Бүгүн, 2023-жылдын 28-ноябрында алып баруучу Эркин Рыскулбеков "Жылдыздар китеп окуйт" акциясына катышты.

Иш-чара Алтын-Ордо жаңы конушундагы 98-мектептин окуучулары үчүн уюштурулду. Эркин Рыскулбеков окуучуларга “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду басып чыгарган “Досторум конокко чакырат” китебин окуп берди.

Эркин Рыскулбеков китеп окуу аркылуу балдар келечекте чоң ийгиликтерди багыдыра турганын белгилеп өттү. Окугандан кийин суроолорго туура жооп берген балдарга Эркин чакан белектерин тапшырды. Эркин Рыскулбеков балдарга алып баруучулар колдонгон телесуфлер менен тааныштырып, каалоочуларга текст окутуп көрдү.

"Жылдыздар китеп окуйт" акциясынын миссиясы - балдарга китеп окуу маданиятын жайылтуу жана китеп окуп берген чоңдордун санын көбөйтүү. Балдарга китеп окуу алардын Китеп дүйнөсүнө аралашуусуна гана жардам бербестен, алардын окууга болгон сүйүүсүн арттырат.

Иш-чаранын соңунда Эркин Рыскулбековго “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду басып чыгарган Вилли Брандт китеби тапшырылды.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду Эркин Рыскулбековго ыраазычылык билдирет жана бардыгын бул миссияга кошулуп балдарга китеп окууга чакырат.