Р.И.Отунбаеванын Лондонго визитинин жүрүшү жөнүндө

November 25, 2013, 06:00

2013-жылдын 20-ноябрында Лондондо Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын отчетунун презентациясы болду. Бул докладга ЕБРРдин Президенти сэр Чакрабарти, Банктын башкы экономисти Э.Берглоф, Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева, глобалдык инвестор жана филантроп Джордж Сорос, Албаниянын премьер-министри Э.Рама, Ливиянын Борбордук Банкынын башкармалыгынын мүчөсү Т.Юсеф комментарий менен сөз сүйлөдү. «Өткөөл процесс: жолдо токтоп калуубу?» деген темадагы изилдөө эмне үчүн Банк иштеген өлкөлөрдө 1990-жылдардагы кыйла жетишкендиктерден кийин экономикалык реформалар жагынан аз нерселер жасалганын жана дүйнөлүк каатчылыктын фонунда өткөөл өлкөлөрдүн көпчүлүгү чабал саясий жана экономикалык институттардын айлампасынан чыга албай калганын ачып көрсөтөт. Инвестициялык жагдайды жакшыртуу жана мыкты башкаруу жөнүндө банктын демилгеси өлкөлөргө башкарууда ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылууну сунуш кылат; эгерде аларды жүргүзүү улуттук деңгээлде татаал болсо, анда аларды жергиликтүү жана региондук деңгээлде жүргүзүү керек, деп айтылган докладда. Эл аралык интеграция транзиттик мезгилдин кыймылдаткычы болуп калышы мүмкүн, деген тыянакты чыгарат докладдын авторлору жана комментаторлору. Адамдык капиталды, адамдарга, алардын билимине, институционалдык контекстке капиталды күчөтүү менен түзүлгөн туңгуюктан чыгууга болот, анын алкагында адамдардын жөндөмдөрүн жана билимин мыкты пайдаланууга болот, деп эсептейт докладдын авторлору.

 

Р.Отунбаева өз сөзүндө экономикалык каатчылыктан келип чыккан жумушсуздукка жана жумушчу күчүнүн массалык миграциясына басым жасады, ал ушул докладда чагылдырылган эмес. Микрофинансылоону колдоо, андан өткөөл өлкөлөрдө орто таптын негизин түзгөн чакан жана орто бизнеске карай жол региондо экономикалык алга илгерилөөнүн, демек Банктын башкы темасы болуп калууда, деп баса белгиледи ал.

 

Лондондо Р.И.Отунбаева Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары баронесса Варси, Бритиш Коунсилдин жана Вестминстердик Фонддун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү, ал жерде гуманитардык жана маданий кызматташтыктын долбоорлору талкууланды.