Лейлек районунда «Конок үйлөрүн ачуу – Баткен облусунда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө» темасында семинар болуп өттү

November 24, 2023, 22:51

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Раззаков шаарында «Конок үйлөрүн ачуу – Баткен облусунда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө» темасында семинар уюштурду. Семинарга Лейлек районунун акими Осмонбеков Канымет Бийзакович, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана фонддун кызматкерлери, КР Экономика жана соода министрлигине караштуу туризм департаментинин өкүлү Назгүл Акжолова, КРдагы Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев, Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын долбоор координаторлору Курманжан Закирова жана Жибек Жумабекова, ЮНИСОН ГРУПП уюмунун өкүлү Нурлан Ирисов, Раззаков шаарынын мэри жана жалпысынан 140тан ашык активист айымдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.


Алгач Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова сөз сүйлөп иш-чаранын максаты, Лейлек районунда туризмди өнүктүрүү үчүн жергиликтүү  лейлек килеми, өрүгү сыяктуу бренддерди жайылтуу,  долбоордун алкагында жүрүп жаткан иштер, алдыда аткарылчу кадамдар боюнча кеңири маалымат берди. Андан соң  КР Экономика жана соода министрлигине караштуу туризм департаментинин өкүлү Назгүл Акжолова Баткен облусунун туристтик дарамети жана департаменттин региондогу  иш-аракеттери боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын долбоор координаторлору Курманжан Закирова жана Жибек Жумабекова конок үйлөрүн ачуудагы негизги кадамдар жана  ийгиликтүү конок үйлөрүн иштетүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтарды беришти.  Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын өкүлдөрү конок үйлөрүн иштетүүдө жана жергиликтүү деңгээлде туризмди өнүктүрүүдө аялдардын ордун Кыргызстандын башка региондорундагы ийгиликтүү мисалдар менен түшүндүрүп беришти. Ал эми КРдагы Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев конок үйлөрүн, туристтик объекттерди ачууну максат кылган жарандар үчүн Туризмди өнүктүрүү Фондунун финансылык, техникалык жана консультациялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кызыктуу маалыттарды берди. ЮНИСОН ГРУПП уюмунун өкүлү Нурлан Ирисов турист тозуучу турак жайларда жана жеке үйлөрдө энергиялык жана ресурстук жактан эффективдүү ченемдерди киргизүү,туруктуу өндүрүш жана керектөө боюнча көрсөтмө материалдар менен практикалык маалыматтарды берди. Иш-чаранын мазмуну катышуучулар тарабынан абдан чоң кызыгууну жаратып, көптөгөн суроолорго жооп ала алышты.


Иш-чарада  район башчысы Осмонбеков Канымет Фондго райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп жаткан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, райондун туризм боюнча мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп өттү.Лейлек айыл аймагынын башчысы Исманали Райимбердиев Лейлек районунун альпинизм боюнча туристтик мүмкүнчүлүктөрүн,райондун совет мезгилинде абдан популярдуу туристтик багыт болгонун эске салды. Анын пикири боюнча азыр Лейлек району туризм боюнча башка райондордон артта калууда. Айыл өкмөтү сөзүнүн аягында Фондго биргелешкен долбоорлор үчүн, фонддун китеп чыгаруу ишмердиги үчүн ыраазычылык айтып, иш-чара райондо туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болооруна үмүт кылаарын билдирди.  


Тандалып алынган катышуучулар атайын окутуулардан өтөт. Окутуулардын жыйынтыгында конок үй ачууну пландаган катышуучуларды ар тараптуу колдоолор каралаган. Бул иш-чаралар "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алгында өткөрүлмөкчү. Долбоордун негизги максаттарынын бири жигердүү аялдардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу процессине катышуусун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында климаттын өзгөрүүсүн эске алган айыл чарба, туризм, билим берүү тармактарындагы жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелер колдоого алынат. Кыргызстандын бир канча региондорунда конок үйлөрү  ийгиликтүү иш алып барып, туризмдин өнүгүүсүнө салып кошууда. Бирок тилекке каршы Баткен облусунун калкы бул багытта кошумча билимге жана тажрыйбага муктаж. Облуста жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган туризм багытын өнүктүрүү  жашыл экономикага, климаттын өзгөрүүнө даяр болууга жардам бермекчи.         

                                                             

Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, БУУ Кыргызстандагы Аялдар түзүмү, БУУнун Азык-түлук жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте Тынчтык куруу фондунун колдоосунда "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашты. Долбоор Баткен жана Лейлек райондорундагы 9 айыл аймакта ишке ашырууда. Лейлек районунун Кең-Талаа, Сумбула,Тогуз-Булак жана Лейлек айыл аймактары долбоорго пилот катары тандалып алынган.