Айгүл-Тоо ботаникалык коругунда Айгүл гүлүнүн уруктары себилди

November 27, 2023, 22:32

Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында 2023-жылдын 23-ноябрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна Айгүл гүлүнүн уруктары себүү акциясы ишке ашырылдыИш-чаранын алкагында Фонд тарабынан сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн коргоо жана көбөйтүү максатында коруктун кызматкерлерине 146000 сом өлчөмүндөгү атайын формалар жана керектүү шаймандар  тапшырылды.



Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Жазыбаевна Кайыкова жана фонддун командасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаментинин башкы адиси Акжолова Н.С, КРнын Туризмди өнүктүрү фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев, коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын өкүлдөрү Жумабекова Жибек, Закирова Курманжан жана Кара-Булак айылындагы ардактуу эс алуудагы мугалимдер, активдүү аялдар, ошондой эле Баткен райондук токой чарба кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова Айгүл гүлүнүн регион үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн туристтик баалуулугун белгилеп, анын коргоого алып келе жаткан жарандардын эмгегин баса белгиледи.



Иш-чарага айылдын ардактуу мугалими Абдиганиев Сайдакпар дагы катышып неберелери менен бирге катышып, Фондго Айгүл гүлүн сактоо жана көбөйтүүгө багытталган иш-чара үчүн жана  Фонддун негиздөөчүсү Роза Исаковна Отунбаевага региондун социалдык, экономикалык өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.



Айгүл гүлүн себүү жана  «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна көмөк көрсөтүү Баткен районунун токой чарба башкармалыгынын жана Кара-Булак айыл аймагынын аялдар кеңешинин кайрылуусу менен "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында ишке ашты. Долбоор БУУ Аялдар түзүмү, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.



Айгүл – “Эдуард чаар гүлү” Баткен шаарынан 20 чакырымдай түштүк-чыгыш тараптагы, анча бийик эмес тоодо өсөт. Жергиликтүү калк бул тоону Айгүл тоо деп аташат. Гүлдүн бою бир-бир жарым метрге чейин жетип, уругу жерге түшкөндөн кийин жети жылдан соң гана гүл ача баштайт. Кызгылтым-сары түстөгү анын коңгуроочолорунан гүлдүн канча жашта экенин билсе болот. Айгүл гүл ачкандан тарта жыл сайын ага бир коңгуроочо кошулуп отурат. Гүл Кыргызстандын кызыл китебине  киргизилген. 2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн "Айгүл Тоо" ботаникалык коругу ачылган. 2023-жылдан тартып корукка кирүүгө 3 жылдык мораторий киргизилген.