Бишкек шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 13-жолугушуусу болуп өттү

November 28, 2023, 22:19

2023-жылдын 27-28-ноябрында Бишкек шаарында БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору (РЦПДЦА) тарабынан уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын ар жылдык 13-жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышты. Афганистандын регионалдык коопсуздук жана өнүгүү үчүн маанисин эске алуу менен жолугушууга БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү – БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү Миссиясынын (МООНСА) башчысы Роза Отунбаева да катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин алдында турган чакырыктар жана коркунучтар жана аларды чечүү жолдору тууралуу пикир алмашуу болду. Борбордук Азия мамлекеттеринин делегациялары климаттын өзгөрүшүнөн жана суу пайдалануудан, террористтик коркунучтан жана наркотрафиктен, ошондой эле Афганистандан келип чыккан чакырыктардан улам Борбордук Азия регионунун бардык мамлекеттери туш болуп жаткан аймактык көйгөйлөрдү белгилешти. Бул контекстте БА мамлекеттеринин жалпы тагдырынын өз ара байланышын так түшүнүү жана алардын бардык чөйрөлөрдө туруктуу диалогго жана кызматташтыкты жамааттык илгерилетүүгө болгон өз ара умтулуусу айкын көрүнүп турат. Ошондой эле катышуучулар БУУнун Регионалдык борбору аталган чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн региондогу өлкөлөрдүн күч-аракеттерин кантип колдой алары жөнүндө өз көз караштарын билдиришти.


Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Асеин Исаев өз сөзүндө Борбордук Азия мамлекеттерине коопсуздук жаатында бир катар демилгелерди, атап айтканда, региондун беш мамлекетинин ортосунда мүмкүн болуучу террористтик, табигый, техногендик жана башка коркунучтар жөнүндө ведомстволор аралык маалыматтарды чогултуу, талдоо, иштеп чыгуу жана ыкчам алмашууну жүзөгө ашырууга тийиш болгон "Борбордук Азия регионалдык маалыматты иштеп чыгуу борборун" (Regional CAR5 Fusion Center) түзүүнү сунуш кылды.


Ошондой эле өзүнчө сессияда Афганистандагы кырдаал талкууланып, анын жүрүшүндө МООНСА башчысы Р.Отунбаева аталган өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу кеңири маалымат берди. Иш-чаранын бул бөлүгү кызуу талкууда өттү, анда Борбодукр Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Афганистан боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алып, ошондой эле МООНСАнын Афганистандагы ишмердүүлүгүн колдоорун билдиришти.


Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку өкүлдөрүнүн жана Борбордук Азия мамлекеттеринин жаштарынын (РЦПДЦАнын превентивдүү дипломатия академиясынын бүтүрүүчүлөрү) ортосунда бешинчи аймактык диалог өткөрүлдү. РЦПДЦАнын превентивдүү дипломатия академиясынын катышуучулары региондогу узак мөөнөттүү тынчтыктын, коопсуздуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн негизи катары туруктуу өнүгүү жөнүндө өз көз караштары менен бөлүшүштү, ал эми Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары өздөрүнүн кош пикирлерин айтышты.