Баткен облусунда конок үйлөрүн ачуу жана облуста туризмди өнүктүрүү боюнча семинарлар өттү

November 27, 2023, 09:08

2023-жылдын 23-25-ноябрында Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун жарандары үчүн  «Конок үйлөрүн ачуу - Баткен облусунда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө”  темасында семинарлар өттү. Окутуулардын максаты  жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган туризм багытын өнүктүрүү, жигердүү аялдардын экономикалык активдүүлүгүн колдоо жана туризмди өнүктүрүү жолу менен  жергиликтүү калктын жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүгө ыңгайлашуусуна көмөкчү болуу. Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаментинин башкы адиси - Акжолова Н.С., КР Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти  Болот Дыйканбаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Эл аралык кызматташтык, инвестициялар жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбекович, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн,  Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын өкүлдөрү Жибек Жумабекова жана  Закирова Курманжан катышты.    

 

Айгүл-Тоо ботаникалык коругунда Айгүл гүлүнүн уруктары себилди Андан сырткары корукка Фонд тарабынан атайын формалар жана керектүү инструменттер тапшырылды.  


Андан сырткары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Баткен токой чарба башкармалыгы, Аялдар кеңеши, Кара-Булак айылынын активдүү жарандары менен биргеликте  «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна Айгүл гүлүнүн уруктары себилди жана коруктун кызматкерлерине атайын форма жана инструменттер тапшырылды. 


Иш-чара "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоору БУУ Аялдар түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Search for Common Ground, Camp Alatoo, Жарандык платформа уюмдары менен өнөктөштүктөТынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда. 


"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоорунун максаты-Кыргызстанда тынчтыкты сактоого алып баруучу климаттык коопсуздук маселесин чечүү үчүн негиз катары жарандык коомдун аялдардын уюмдарынын институционалдык потенциалын өстүрүү жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.