“АтаМЕНен” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

November 20, 2023, 08:34

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында өткөргөн сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. 

 

Сынактын жеңүүчүсү Нурлан Тойчиев өзүнө жана кызына велосипед, Садыркул Исмаиловго стол оюну жана “3жаштан кийин кеч” китеби,ошондой эле Канат Таалайбековго стол оюндары жана “3 жаштан кийин кеч” китеби ыйгарылып, Рахатбеков Абай үй-бүлөсү менен барууга киного сертификат алды.  

 

Тайлаков Дастан, Нурдин уулу Санжар, Суйундук уулу Данияр, Ажибаев Талгат Ураимжанов Нурмухаммед,Жумалиев Мухамед,Нуралиев Аман, Саматов Бусурманкул “Раритет” китеп дүкөнүнө сертификаттар менен сыйланышты. 

 

Калган баардык катышуучуларга кызыктуу видеолору үчүн Фонд тарабынан чыгарылган "3 жаштан кийин кеч"китеби ыйгарылды. 

 

“Роза Отунбаеванын демигеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип өттү. “Балдарга көңүл буруу, алар менен бирге убакыт өткөрүү менен алардын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуп жатасыздар. Сынакка жөнөтүлгөн видеороликтердегидей балдар менен чогуу өткөргөн эң мыкты көз кирмемдер көп болсун”-деди Роза Кайыкова. 

 

Конкурстун максаты-балдардын эрте курактан өнүгүүсүндө аталардын катышуусунун маанилүүлүгүн кеңири калкка жайылтуу. Аталар баласынын же кызынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы тууралуу видео тартуу жана аталардын балдардын жашосундагы орду тууралуу кыска ой-толгоосу менен бөлүшүшкөн.  

 

Конкурс “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор 2022-жылдын апрель айынан бери Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.