«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду “Мекендештер 2023” Форумуна катышты

November 15, 2023, 19:41

Анда Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова «Мекендештер» форумунун түптөлүшү, Кыргызстандын келечегине салымы жана туруктуулугун камсыздоо тууралуу презентация жасды. 


Форумдун дайымкы катышуучусу Новосибирск шаарынан келген Каныбек Акаев Роза Исаковнага ыраазычылыгын билдирип, салам жолдоду. 


“Мекендештер” форумунун  тарыхына кайрылсак, буга чейин 4 ирээт “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан 2012, 2014, 2016 жана 2018-жылдары уюштурулуп келген. 


2018-жылдын ноябрында «Мекендештер» IV форумунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков «КР Президентине караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.


«Мекендештер» форуму – мекендештердин бирикмелеринин жана диаспораларынын, ошондой эле Кыргызстандагы бизнестин жана бийликтин иштиктүү диалогу үчүн учурдагы аянтча. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Миграция боюнча эл аралык уюмдун/БУУнун КРдагы миграция боюнча агенттигинин колдоосу менен Фонд тарабынан түзүлгөн.


Быйыл бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулууда.