Кочкор районунда мектептердин өнүгүү планын даярдоо боюнча тренинг өттү

November 15, 2023, 16:06

Нарын облусунун Кочкор районундагы Н.Жундубаева атындагы орто мектепте өнүгүү пландарын даярдоо боюнча тренинг болуп өттү.  

  

Окутуулар 2023-жылдын 15-ноябрында ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан Кочкор районундагы долбоордун пилоттук мектептери үчүн уюштурулду.


Тренингге мектеп директорлору, социалдык педагогдору, STEM сабактарынын мугалимдери жана активдүү окуучулар катышышты. 

 

Иш-чаранын башында “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору, Роза Кайыкова, долбоорунун экинчи фазасында билим берүү саясатына талдоо жүргүзүлгөнүн белгилеп, долбоордун максаттарын айтып өттү.  

 

Иш-чарага катышкан Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Турсуналиев “Илимдеги кыздар” долбоорунун маанисин белгилеп, гендердик-сезимталдуулук жана STEMди өнүктүрүүгө арналган окутууларга аймактагы мектептер кызыкдар экендигин белгиледи. 

  

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө долбоордун эксперти Жеңиш Урумов  долбоор алкагында жүргүзүлгөн мектептердин өнүгүү пландарынын кырдаалдык талдоонун жыйынтыктары менен тааныштырды. “Гендер деген эмне?” темасыда гендердик эксперт Чынара Давлетова интерактивдүү презентация өттү.  

  

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар мектептердин өнүктүрүү планын даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. 

  

ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси”, Балдарды коргоо борбору, БААУнун Инновациялык колледжи жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси аркылуу ишке ашырылууда.