Германиядагы уюмдар Фонд менен кызматташууга кызыкдар

November 2, 2023, 06:47

2023-жылдын 1-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова Германиядагы “BIZ” уюмунун төрайымы Асел Сайраан-Дамир, уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Медер Үсөнов,KUBI ассоциациясынын жетекчиси Ариф Арсланер, West-Ostliche-Begegnungen Фондунун башкармалыгынын Елена Хоффман, жана бул уюмдун аткаруучу жетекчиси Анна Кайсер менен жолугушту. Германияда билим берүү,маданият жана саламаттык сактоо багытында иш алып барган бул уюмдар “Роза Отунбаеванын” демилгеси фондунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып,өз уюмдарынын максаттары тууралуу айтып беришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова Германиялык уюмдар менен келечекте билим берүү жана маданий агартуу тармагында кызматташуу болсо жакшы натыйжаларды алып келээрине ишенимин артты. Өз кезегинде “BIZ” уюмунун негиздөөчүсү Асел Сайраан-Дамир, KUBI ассоциациясынын жетекчиси Ариф Арсланер жана West-Ostliche-Begegnungen Фондунун жетекчиси Анна Кайсер Фонддун ишине ийгилик каалап, мындан аркы байланышты бекемдеп кызматташтыкта долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Конокторго Фонд которуп,басып чыгарган “Вилли Брандт” китебин белекке берилди.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду жолугушууну уюштурууну демилгелеген Германиядагы “BIZ” уюмунун негиздөөчүсү жана төрайымы Асел Сайраан-Дамирге ыраазычылык билдирет.