«Келечектеги кесип үчүн STEM4ALL» конференциясы жана ярмаркасы өттү

October 30, 2023, 12:02
2023-жылдын 27-октябрында Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде “STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн” конференция жана жарманкеси болуп өттү.

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду өнөктөш катары иш-чаранын катышуучулары үчүн Жашыл энергетиканын келечеги жана Дизайндын келечеги аталышында эки мастер-класс уюштурду. Катышуучулар 3д принтерде иштөө жана моделдөө темасында жана автоматташтырылган долбоорлоо тутумдары жана кайра жаралуучу энергия жөнүндө маалымат алышты.

“STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн” конференциясы жана жарманкеси билим жана тажрыйба алмашууда актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн баалуу аянтча болуп берди. Бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө тиешеси бар бардык катышуучуларга, уюштуруучуларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз.

#STEM4ALL демилгесинин максаты санариптик трансформациядагы гендердик теңчиликке көмөктөшүү жана STEM жана технологиялык инновацияларда аялдар менен эркектердин бирдей катышуусун камсыз кылуу болуп саналат.