“ТААЗИМ” аттуу поэзия кечеси өтөт

October 25, 2023, 09:40
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2023-жылдын 26-октябрында саат 15:00до Бишкек шаарындагы улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекеме болгон “Үмүт үйүндө” “ТААЗИМ” аттуу поэзия кечеси өткөрлүлөт.


Кезектеги поэзия кечеси карылардын көйгөйлөрүнө жана “Үмүт үйүндө” улгайган адамдардын муктаждыктарына көңүл буруу жана ата-апалардын көңүлүн көтөрүү максатын көздөйт.


Иш-чарада Т.Кожомбердиев,С.Есенин, Владимир Листемиров, А.Блок,Улан Дөөлөтов, М.Маматжанов, У.Омокеев жана башка акындардын чыгармалары “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрүнүн аткаруусунда жаңырат.


Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындардын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.
Карылар үйүндөгү Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.