Инновациялык ыкмалар жөнүндө базалык билимдерди калыптандыруу жана жергиликтүү деңгээлде СЭӨПтү иштеп чыгуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү

October 4, 2023, 10:06

«Кыргызстандын тынчтыкты жактаган жарандык коомунун активдүү айымдар уюмдары» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 29-сентябрынан тартып 2-октябрына чейин мамлекеттик программалардын милдеттерин жана жергиликтүү коомдоштуктардын муктаждыктарын эске алуу менен инновациялык ыкмалар жөнүндө базалык билимдерди калыптандыруу жана жергиликтүү деңгээлде Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча семинарлар уюштурулду жана өткөрүлдү.

 

БУУнун Тынчтыкты сактоо фондунун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, «БУУ Айымдар» жана Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы семинарды уюштуруучулар болуп калды.

 

Ысык-Көл областында өткөн тренингдерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Баткен жана Лейлек райондорунун райондук администрацияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү НПОлордун өкүлдөрү, активисттер, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары Дизайн-ой жүгүртүү жана Speed dating сыяктуу инновациялык методдорду пайдаланып, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга үйрөндү. Семинардын катышуучулары мамлекеттик жана улуттук стратегиялар менен таанышты, алардын жергиликтүү деңгээлдеги программалар менен өз ара байланышын баалады.

 

Тренингдердин катышуучулары гендердик саясатты жана ар түрдүүлүктү башкарууну эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнүн маселелерин СЭӨПтө чагылдыруунун принциптери, дүйнөдө жана Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн тенденциялары жана көйгөйлөрү жөнүндө баалуу билимдерди алды. Ошондой эле алар социалдык ынтымакка басым жасоо менен климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүн чечүүдө гендердик саясаттын маанилүүлүгү менен таанышты. Оң тажрыйба алмашуу максатында семинардын акыркы күнүндө Ысык-Көл областынын Акуу районунун акиминин орун басары М.Дорбаев менен жолугушуу уюштурулду.

 

Семинардын акыркы күнүндө катышуучуларга маданий программа уюштурулду, ал Музейди – Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборун жана Ысык-Көл областынын маданий объекттерин камтыды, бул аларга региондун бай маданияты жана тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берди.

 

«Тынчтыкты жактаган активдүү айымдар уюмдары» долбоорунун максаты Баткен областынын Баткен жана Лейлек райондорунда максаттуу деңгээлде, ошондой эле Кыргызстанда улуттук деңгээлде климаттын өзгөрүшү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат. Бул долбоор Кыргызстандагы жарандык коомдун айымдар уюмдарын колдоого жана климаттык коопсуздуктун көйгөйлөрүн чечүүгө алардын катышуусун активдештирүүгө чакырылган.