«Акындар ынтымак, тынчтык жана коомдук биримдик үчүн!” аттуу иш-чара өтөт

September 17, 2023, 09:07

“Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдардын уюмдары тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында 2023-жылдын 18-20-сентябрында Баткен облусунда “Акындар ынтымак, тынчтык жана коомдук биримдик үчүн!” аттуу иш-чара өтөт.


Бул иш-чара БУУнун Тынчтык куруу фонду жана БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, коомчулук  менен биргеликте өткөрүп жаткан “Ынтымак жумалыгынын” бир бөлүгү болуп саналат.


21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк эл аралык тынчтык күнү  катары белгиленет. Бул дата БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан   24 саат бою зомбулуксуз жана ок атышпоо режимин сактоо аркылуу тынчтык идеалдарын бекемдөөгө арналган күн деп жарыялаган. Кыргыз Республикасында тынчтыкты колдоо жана коомдогу ынтымакты бекемдөө багытында 18-22-сентябрда  “Ынтымак  жумалыгы” өткөрүлүүдө. 


“Ынтымак жумалыгынын” алкагында Фонд климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, социалдык кызматташуу менен биримдикти чыңдоо жана гендердик теңчилик маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.


Ынтымак жумалыгында А.Осмонов атындагы адабий сынактын ээси, белгилүү акын, бир канча китептин автору, алып баруучу- Акбар Кубанычбеков,А.Осмонов атындагы, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктардын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери Нуркыз Рыскул кызы, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Маданияттын мыкты кызматкери”, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Бердибек Жамгырчиевдин,Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун "Беш акын" телетаймашынын жеңүүчүсү- Алтынбек Исмаиловдун чыгармалары жаңырат.


Акындар поэзия аркылуу жамааттардын тургундарын жалпы адамзаттык баалуулуктардын теңдик, биримдик, сабырдуулук, коомчулуктун ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын урматтоо принциптерине негизделген биргелешкен чыгармачылык демилгелерге чакырышат.Акындар поэзия аркылуу эл үчүн жаратман, маанилүү, актуалдуу маалыматтарды түркүн түстүү, эмоционалдуу, чынчылдык менен жеткиришет.


Иш чараларга чейин жана андан кийин интерактивдүү квиз  оюндары жана иш-чаралардын катышуучулары менен диалогдор өткөрүлөт жана  жеңүүчүлөрүнө   сыйлыктар ыйгарылат.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга климаттын өзгөрүшү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, тынчтыкты колдоо жана гендердик теңчилик темалары боюнча сынактар​​дын  башталышы боюнча маалымат берилет.


“Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдардын уюмдары тынчтык үчүн” долбоору Тынчтыкты куруу фондунун финансылык колдоосу менен “БУУнун Аялдар” түзүмү, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана  БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму  тарабынан ишке ашырылып келүүдө.