“Бишкек” эркин экономикалык аймагы жайлоо өнүгүү борборлорун колдоп ата-энелер жана балдар үчүн китептерди белек кылды

September 8, 2023, 22:07
“Бишкек” эркин экономикалык аймагы жайлоо өнүгүү борборлорун колдоп ата-энелер жана балдар үчүн китептерди белек кылды.

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору иштеген жайдын эки-үч айында өлкөнүн жаратылышы оор жана бийик тоолуу аймактарында 3000ден ашуун бала эсеп, жазуу, окуу жана турмуштук көндүмдөрдүн негиздери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, балдар жана ата-энелер үчүн ар кандай багыттар боюнча мастер-класстар дайыма өткөрүлүп турат. Бийик тоолуу райондордун жаш курактагы балдарын өнүктүрүү экологияны коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашырууда маанилүү ролду ойнойт.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчилигине Кыргызстандын бийик тоолуу райондорундагы балдардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдире.