Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги кайрадан "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун" колдоду.

September 7, 2023, 22:00

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги кайрадан "Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун" колдоду. Элчиликтин колдоосу менен өлкө боюнча өнүгүү борборлоруна канцелярдык буюмдар, окуу куралдары, оюнчуктар жана башка керектүү буюмдар берилди. Бул колдоонун аркасы менен көптөгөн балдарга сүрөт тартуу, скульптура жана аппликация жасоо мүмкүнчүлүгү берилди. Он жылдан бери "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" демилгеси "Роза Отунбаеванын демилгеси"эл аралык коомдук фонду тарабынан натыйжалуу ишке ашырылууда. Бул демилге коомдун аялуу катмарына, айрыкча мал чарбачылык менен алектенген үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Жайлоодогу борборлордон билим алган балдар башталгыч мектепке өткөндө окуу жана математика көндүмдөрүн ийгиликтүү өздөштүрүп жатканы өзгөчө байкалат. КЭР элчилиги Кыргызстан коомунун экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин активдүү колдоп келет.


"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду "Жайлоо өнүктүрүү борборлору" долбоорунун туруктуу өнөктөшү болгон жана өлкөбүздүн келечек муундарын өнүктүрүү үчүн баа жеткис салым кошуп жаткан КРдагы КЭРдин Элчилигине жана элчи Ду Дэвэнь айымга терең ыраазычылыгын билдирет.